Иракты кумдуу бороон каптады

Ирактын алты шаарында бир канча күндөн бери уланып жаткан кумдуу бороондон бир адам каза болуп, миңдеген адамдар ооруканага жаткырылды.

Өлкөдө акыркы айларда жетинчи жолу болгон кумдуу бороонго кургакчылыктын күчөшү, кыртыштын бузулушу жана жаан-чачындын азайышы себеп болду деп болжолдонууда.