Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"

Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.

2154877
Песков : "АКШ менен диалогго ачыкпыз"

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, Украина маселеси менен катар коопсуздук темасында АКШ менен диалогго ачык экендерин айтты.

Песков борбор шаар Москвада журналисттерге күн тартибине байланыштуу маалыматтарды берди.

АКШнын «Украина маселесинен тышкары өзөктүк курал колдонуу тобокелдиктери боюнча Россия менен сүйлөшүүгө ачык» деген билдирүүсүнө баа берген Песков : "Украина маселеси жана АКШнын бул маселеге кийлигишүүсү сыяктуу масштабдуу диалогго ачыкпыз. Жалпысынан диалог керек, анткени коопсуздук маселери көбөйүп баратат",- деди. 

Песков АКШнын орус өнөктөштөрүнө кысым көрсөтүүсүн уланта турганын белгилеп: «Биз сунуш кылган кызматташтык үчүнчү өлкөгө каршы эмес, биздин кызматташтыгыбыз өз ара кызыкчылык принцибинин негизинде жана Вьетнам баш болгон өнөктөштөрүбүздүн кызыкчылыктарына жооп берет",- деди.

Басма сөз катчысы Песков Россиянын тышкы саясатта алып барган иштеринин  Батыш тарабынан «душмандык» катары каралып жаткандыгын айтты.

 



Тектеш кабарлар