АКШнын Аризона штатында ашыкча ысыктан 6 киши каза болду

Аризона штатынын борбору Фениксте 46 градуска жеткен ысыктан улам 6 киши каза болду.

2154825
АКШнын Аризона  штатында ашыкча ысыктан 6 киши каза болду

Америка Кошмо Штаттарынын  Аризона штатынын борбору Фениксте 46 градуска жеткен ысыктан улам 6 киши каза болду.

Марикопа районунун коомдук саламаттыкты сактоо департаментинин билдирүүсүнө караганда, Фениксте температуранын жогорулашына байланыштуу себептерден улам 6 киши каза болду.

Улуттук аба ырайы кызматынын (NWS) метеорологу Райан Уорли жакынкы күндөрү жаан-чачындын болушу мүмкүн экенин билдирип : "(46градуска жеткен) Абанын температурасы 43 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн бирок ысыктык кайрадан жогорулайт",- деди. 

 

 

 



Тектеш кабарлар