Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду

Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда.

2154873
Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду

Ажылык үчүн Сауд Арабияга барган Иордания, Тунис жана Марокко жараны 144 киши каза болду. 

Иорданиянын Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Иорданиядан  75 зыяратчы жана ажылык талапкерлеринин «жогорку температура жана күнгө өтүшүнөн» каза болгондугу белгиленди.

Каза болон кишилердин Иорданиянын расмий ажылык делегациясында орун албагандыгы белгиленген билдирүүдө буга чейин дайынсыз экендиги билдирилген 110 Иордания жаранынан 96сынын табылгандыгы тууралуу маалымат орун алды.

Тунистин Дин иштери боюнча директору Ибрахим еш-Шейби өлкөнүн расмий маалымат агенттиги ТАПка берген маалыматында «көпчүлүгү туристтик виза менен ажылыкка барган 49 тунистиктин каза болгонун» жарыялады.

Тунистин президенти Кайс Саид 49 тунистиктин өлүмүнөн кийин Дин иштери боюнча министри Ибрагим Шабини кызматтан алды.

Марокконун Фонддор жана Ислам иштери боюнча министрлигинен берилген маалыматта ажылык сапарда өлкөнүн 20 жаранынын каза болгондугу белгиленди.

Абанын температурасы 50 градустан ашкан ыйык жерлерде 11 өлкөдөн кеминде 1081 зыяратчы каза болду.

Жыл сайын он миңдеген адам ыйык жерге расмий каттоодон өтпөстөн ажылык сапарга барууда. Каттоодон өтпөгөн зыяратчылар кондиционер орнотулган жайларга кире албагандыктан катуу ысыкка кабылышууда.

 

 



Тектеш кабарлар