Соода министри Алжир жана Туниске барат

Соода министрлигинен алынган маалыматка караганда Болаттын Түндүк Африка программасынын алкагында биринчи аялдамасы Алжир болот.

2154879
Соода министри Алжир жана Туниске барат

Соода министри Өмер Болат Алжир жана Туниске барат.

Соода министрлигинен алынган маалыматка караганда Болаттын Түндүк Африка программасынын алкагында биринчи аялдамасы Алжир болот.

Министр Болаттын 23 - 24 - июнь күндөрүндөгү сапары учурунда ачыла турган  55 - Эл аралык Алжир жарманкесине Түркия «Ардактуу өлкө» катары катышат.

Алжирдин президенти Абдулмежид Теббундун катышуусу менен баштала турган жарманкеге Түркиядан министр Болат, вице-президент Жевдет Йылмаз, үй-бүлө жана социалдык кызматтар министри Махинур Өздемир Гөкташтын катышуусу пландалууда. Жарманкеге 25 өлкөдөн 800 катышуучунун келиши күтүлүүдө.

Программанын алкагында Болат, Йылмаз жана Гөкташ  Дүйнөлүк Түрк Ишкерлер Кеңешинин (DTİK) Түрк Иш дүйнөсү жыйынына катышат.

Болат Алжирге болгон иш сапарынын алкагында өлкөнүн жетекчилери жана кесиптеши менен жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөт.

Министр Болат Алжир сапарынан кийин 25-июнда Туниске барат.

Сапардын алкагында 2 - Түркия - Тунис бизнес жана инвестиция форумуна катыша турган Болат, айрыкча Тунистин соода жана экспортту өнүктүрүү министри Калтум Бен Режеб Гуезза жана Тунис бийликтери менен жолугушууларды өткөрөт. Түркия жана тунистик ишкерлердин катышуусунда тегерек стол жыйыны да өткөрүлөт, анда Тунистин инвестиция мүмкүнчүлүктөрү жана шарттары каралат.



Тектеш кабарлар