ФЕТӨ коркунучу

Глобалдык перспектива-29

1014775
ФЕТӨ коркунучу

 Жер жүзүн басып алуу кыймылы катары-ФЕТӨ

Мындан мурдагы уктуруубузда 15-июлда болгон окуяларга, ФЕТӨ деген эмне экенине, уюмдун мүчөлөрүнүн үй-бүлөлөрүнөн, коомчулуктан жана жалпы кабыл алынган исламий баалуулуктарынан ажыратылып кандай калыптандырылганына токтолгонбуз. Татаал жана узун мөөнөттүү билим берүү процессинен кийин уюмдун мүчөлөрүнүн максатына жетиш үчүн бардык нерсени кыла тургандай абалга келгендерин белгилеп өткөнбүз.

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүлдүн темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.

ФЕТӨнүн уюмдашуу ыкмасы

Жашыруун жана «ыйык» делген ишенич менен мүчөлөрү кайрадан форматталгандан кийин ФЕТӨ, мүчөлөрүн уюмдун  ал жерлерге да жайылышы үчүн башка өлкөлөргө жөнөтөт. Бул өлкөлөрдөгү түзүмдөрү Түркиядагы алгачкы жылдардагы түзүмдөрү сыяктуу. Алгач мектеп ачып, бейөкмөт уюмдарды куруп болушунча жарандык жана ыктыярдуу мекемелер сыяктуу көрүнүп уюмдаша баштайт. Бул процессте эки нерсе максатталат. Турган өлкөлөрүндө өздөрүнө уюмдун жаңы мүчөлөрүн калыптандыруу, калыптандырган адамдарды ал өлкөнүн эң стратегиялык мекемелерине жайгаштыруу болуп саналат. Ушудайча ал өлкөлөрдүн башкаруучуларын жашыруун түрдө, байкалбастан каратып алуу. Жакшылап кылдат байкап көрсөңүздөр, ФЕТӨнүн мектептерин бүтүргөндөр бардык өлкөлөрдө чалгындоо кызматы, аскердик жана коопсуздук мекемелери, Премьер-министрлик, Президенттик, Борбордук банк сыяктуу стратегиялык мекемелерге акырындык менен жайгашып алгандарын байкайсыздар. ФЕТӨнүн ыкмаларын билбегендер алардын мүчөлөрүнүн бул мекемелерге либераль, социалист, христиан, лайцист сыяктуу (ал өлкөдө, ал мекемеде жарактуу саясий идеологиялары кандай болсо) көрүнүш менен киргендиктен бул абалды байкай алышпайт. Көбүнчө байкап калышканда кеч болуп калат.

ФЕТӨ бир гана Түркия үчүн коркунучпу?

Керек болсо лидерин «ааламдын имамы» катары эсептөөлөрүнөн жана керек болсо дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө уюмдашуу аракетинен ФЕТӨнүн бир гана Түркияны бутага алган уюм болбогону көрүнүп турат. Уюмдун 170тен ашуун өлкөдө  уюмдашканы айтылууда. Канча өлкөдө уюмдашканын так айтуу мүмкүн эмес. Анткени өз аттары менен ачык эмес, башкача аттар менен жашыруун уюмдашуу ыкмасын жүргүзүүдө. Бул өлкөлөр көбүнчө мусулман өлкөлөр да эмес. Түркия бул уюмдун жашыруун максатын билгендиктен жана тийиштүү чараларды көргөндүктөн уюм, эми анын чыныгы жүзүн билбеген өлкөлөр үчүн дагы чоң коркунуч болуп эсептелет. Айрым өлкөлөрдө жасалма түрдө, уюм дагы деле жаран жана ыктыярдуу мекемелер көрүнүшү менен уюмдашуусун, бузуку ишеничтерине жаңы мүчөлөрдү киргизип мектептерин ачуусун улантууда. Абдан кайгылуу, кандуу жана чоң чыгымга учуроо менен жетишилген Түркия тажрыйбасы, дагы оор чыгымдарга учурабашы үчүн алгысы келгендерге чоң сабак болуп саналат.

ФЕТӨ коркунучу бүттүбү?

Бир канча жыл мурда бул күндөрдү кыялдануу да мүмкүн эмес эле. ФЕТӨ түзгөн коркунуч императорлугунун себебинен адамдардын башынан өткөргөн окуяларын түшүндүрүүлөрү, ФЕТӨ тарабынан дуушар болушкан кутумдарды айтып коюулары да мүмкүн эмес эле. Эң оболу бүгүнкү күн үчүн шүкүр кылуу керек...

ФЕТӨ эң чоң күчүн адамдардын адамкерчилигинен келип чыккан жакшы ниетинен алууда эле. Адамдар көрүнүп турган жүздөрүнө ишенип уюмга чоң колдоолорду көрсөтүшчү. Эми уюмдун өзүн жашыруу, башкача көрүнүү тактикалары, тымызын пландары, өлүмдү, өлтүрүүнү, ар түрдүү кутумду мыйзамдуу кылып көрсөткөн бузуку ишеничи бар экени белгилүү. Түркия жана дүйнө жүзү үчүн эң чоң пайда табуу, уюм туурасында пайда болгон, абдан чоң жоготуулар жана чыгашалар менен жетишилген уюмдун ушул абалы туурасында маалымдуулук болуп саналат.

Түркия жана түрк калкы ортого чыгарган адам көтөргүс аракет жана уюм тууралуу маалымдуулуктун себебинен көп сандаган өлкөдө уюмдун институттук түзүмү кулатылды. Коомдук маалымдуулук жана уюмдун негизги түзүмү кулатылганынын себебинен эми уюмдун төңкөрүш кылуу менен система курагыдай кудурети жок. Муну менен катар бул уюмдун система курагыдай кудрети калбаса да дагы деле кыйратуу, жок кылуу күчү бар. Башкаруусу Пенсильваниядагы уюмдун лидеринин колунда турган мыкаачы роботтор, бир-бирден жандуу бомба катары ФЕТӨнүн иштери болгон дүйнөдөгү бардык өлкөлөрдө жүрүшөт. Түркия менен Орусияны кагылыштырыш үчүн ФЕТӨнүн бир террористинин Орусиянын Түркиядагы элчиси Карловду өлтүргөнү сыяктуу террордук кыймылдарды ишке ашыруу жөндөмдүүлүктөрү дагы деле бар. Бул коркунуч бир гана Түркияда эмес, алар ишин жүргүзгөн бардык өлкөлөрдө уланууда. Көп сандаган өлкөлөрдө саясий системалардын эң маанилүү борборлорунда уктаган жана буйрук күткөн уячалар катары даяр турат.

Натыйжада  адам сымал бала жүздүү кылмышкер роботтор жана робот программачысы байкалган абалда. Бирок кыймылдарын жашыруун жүргүзгөндөрү жана өздүктөрүн жашыргандары үчүн ким экендиктери билине албаганы үчүн кылмышкер роботтор арабызда жүрүшөт. Айрыкча бул уулуу программадан таасир алган бүткүл дүйнөдө жүз миңдеген кишилер бар. Эрки, колдонуу ыйгарымы АКШдагы террорист корбашчысына тапшырылган бул адам сымал роботтордун кайрадан эркин, көз карандысыз, өз алдынча ойлоно алган адамдарга айландырылышы үчүн бүткүл дүйнөдөн психологдордун, социологдордун, медиктердин, теологдордун жаңы жана конструктивдүү эмгектенүүлөрүнө муктаждык бар. Кылмышкер роботторду кайрадан адамга айландыра турган чечүүчү жол табылмайынча эч бир өлкөнүн же коомчулуктун келечеги коопсуз боло албайт. Бир тараптан кылмышкер роботтор туруктуу болбостон өздөрүн жаңылоо жөндөмдүүлүгүнө ээ. Жергиликтүү, улуттук, глобалдык көп сандаган актер менен шайкеш иштей алуу жөндөмдүүлүгүнө ээ. Бүгүнкү күндө глобалдык айрым актерлор менен, чалгындоо уюмдары менен абдан шайкеш иштей алышууда. Ушул себептен бул актерлор кылмышкер роботтордун өздөрүнө ар дайым баш ийе тургандарын ойлоп жатышат. Бул уюмдун тарыхына көз чаптырылганда эч бир өлкө менен эч качан туруктуу мамиле түзбөгөндөрү, алар үчүн эң негизгиси өз программаларын ишке ашыруу болгону көрүнүп турат. Ушул себептен бүгүнкү күндө бир гана пайдалануу карым-катнашы болсо дагы узун мөөнөттө, ФЕТӨ өзүн колдонгонун ойлогон глобалдык актерлор жана чалгындоо кызматтары үчүн да коркунуч болуп саналат. Ичинен чыккан үй-бүлөлөрүнө, коомчулукка, өлкөлөрүнө сүйүүсү болбогон роботтордун глобалдык чалгындоо уюмдарына же турган өлкөлөрүнө берилип иштей турганын ойлоо бир гана сокур сыяктуу мамиле кылуу болот.

Башка эч нерсе кылбаган болсо дагы Түркия жана дүйнө жүзүн күтүп турган ушундай басып алуу коркунучуна эр жүрөктүүлүк менен каршы турган, өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн өмүрүнүн коркунучуна карабай бул темада дүйнөдө маалымдуулук жаратканы үчүн Түркия жана дүйнө жүзү президент Режеп Таййип Эрдоганга көп нерсе карыз...

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүл.



Тектеш кабарлар