Зеки Велиди Тоган

Түрк дүйнөсүнө арналган өмүрлөр-18

2190042
Зеки Велиди Тоган

Кадырлуу окурмандар, бүгүн биз түрк тарыхчысы, түркологу, чыгыш таануучусу жана бүткүл дүйнөгө таанымал, өмүрүн түрк дүйнөсүнө арнаган саясатчы Зеки Велиди Тоган тууралуу кеп салабыз.

Башкырт түрктөрүнөн Зеки Велиди Тоган изилдөөчүлөр тарабынан энциклопедист катары бааланган маанилүү интеллигенция өкүлдөрүнүн бири. Чыныгы аты Ахмет Зеки Валидов 1890-жылы 10-декабрда Башкортостандын Күзен айылында туулган. Башталгыч билимди Күзендеги чоң медреседе алган Тоган орус тилинен да сабак алган. Ал перс тилин мугалим апасынан, араб тилин атасынан үйрөнөт. Анын тарыхка болгон кызыгуусу улуу агасы Вели Молланын колдоосу менен күчөйт. Андан уккан эпостордун негизинде өмүр баянын, тарых китептерин окуй баштайт. Ошол кезде Стамбулдан келген китептерди да таап окуй баштаган. 1902-жылы орто билим алуу үчүн коңшу айылдагы медресеге барып билимин уланткан. Атасынын үйлөнүп, айылына имам болуусун каалаганын билгенден кийин жашоосунда бурулуш болгон Казанга качып, Касимий медресесинде билимин бүтүргөн. Ошентип, ал бала кезинен перс, араб, орус, түрк тилдерин мыкты өздөштүргөн, жабдылган жаш жигит катары жашоосун баштайт. Бул жерден атактуу Катанов, Ашмарин сыяктуу орус жазуучулары жана чыгыш таануучулары менен таанышкан. Өзү бүтүргөн Касимие медресесинде «Түрк тарыхы жана араб адабияты тарыхы» мугалими болуп иштейт. Ал ортодо 1911-жылдын аягында чыгарган «Түрк жана татар тарыхы» аттуу китеби менен тааныла баштайт. Бул эмгеги менен таанылган Тоган Казан университетинин Археология жана тарых коомуна мүчө болуп шайланат. Академиялык изилдөөсүн уланткан Тоган 1912-жылдан баштап «Манас» эпосун жана Ибн Халдунду изилдеп, Түркияда атын чыгарды. Тынымсыз эмгекчил инсандыгы менен таанылган окумуштуу 1913-жылы Ферганага, 1914-жылы Бухарага илимий изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн жөнөтүлгөн. Ал Ферганадан Жусуп Баласагындын (Юсуф Хас Хасип) «Кутадгу билиг» китебинин кол жазмасын таап, илим дүйнөсүнө чоң салым кошкон.

1915-жылы мусулман депутаттарга жардам берүү үчүн Уфанын өкүлү болуп шайланып, Орусиядагы мусулмандардын абалын коргоо үчүн күрөшө баштаган. 1917-жылы 29-ноябрда Башкырт өкмөтү түзүлгөндө Тоган согуш министри болот. Андан кийин Ленин, Сталин, Троцкий менен көп жолу жолугуп, бирок оң натыйжага жетише албаган соң Түркстанга кетүүнү жана күрөштү ошол жерден улантууну чечип, Түркстанга барып, Басмачы операциясына катышкан. Бул жерде ал Түркстан элдеринин көз карандысыздык күрөшү үчүн иштейт. Бул мезгилде Түркстанда Энвер паша менен жолукканы да белгилүү. Ал өзү турган Түркстан аймагында Түркстан улуттук биримдиги деген уюмду түзөт. 1922-жылы Энвер паша шейит болгондон кийин Түркстан түрктөрүнүн себептерин тышкы дүйнөгө түшүндүрүү үчүн Европага барган. Ага Кембридж, Париж жана Берлин университеттеринде иштөө сунуштары түшөт. Бирок Зеки Велиди иштей турган өлкө катары Түркияны тандайт. Европадан Стамбулга келгенде биринчи барган жери «Фатих» китепканасы болду. Стамбул университетинде сабак бере баштайт. Жалпы түрк тарыхы бөлүмүн түзгөн. 1925-жылы түрк жарандыгын алган. Түркиядагы иштерин 1932-жылга чейин уланткан. Өз мезгилиндеги маанилүү журнал, гезиттерде олуттуу макалалары жарык көргөн. Андан кийин жети жыл Европада болду. Кайра Стамбулга кайтып келген Зеки Велиди Тоган 1939-жылы кайрадан Стамбул университетинде иштей баштайт. 1944-жылы Туранизм кыймылына катышкандыгы үчүн камакка алынып, 15 айга камалган. Ал 1947-жылы акталып, 1948-жылы кайрадан университетте иштеген. 1970-жылга чейин Стамбул университетинде кызматын улантып, сүйгөн кесиби болгон мугалимдикти болушунча аркалады. Өмүр бою 28 маанилүү эл аралык конгрессте баяндамасын жасаган Тоган, айрыкча Германия, Англия, Иран, Италия, Индия жана Финляндияда болду. Акыркы күнүнө чейин иштеген Зеки Велиди Тоган 1970-жылы 26-июлда дүйнөдөн өтүп, сөөгү Каражаахмет көрүстөнүнө коюлган.

Зеки Велиди Тоган көптөгөн шакирттерди тарбиялап, алардын ар бири бүгүнкү күндө ашып түшө элек баалуу эмгектерди жазышты. Өмүрүн түрк улутунун биримдигине арнаган инсандын артында эки баласы, түрк дүйнөсү үчүн таалим-тарбия берген шакирттери жана 337 өтө баалуу эмгек калды.

Артында калтырган эмгектери азыркыга чейин университеттерде окуу китеби катары окутулуп келе жаткан абдан баалуу интеллигенция өкүлдөрүнүн бири Зеки Велиди Тоган жөнүндө кыскача маалымат бердик.

ТРТ Түркия үнү радиосу үчүн программаны даярдаган Назгүл Кадырова 

Булактар:

1. ACAR, Серкан, (ред.), Зеки Велиди Тоган, Илимий Өмүрү, Чыгармалары, Саясий ишмердүүлүгү, Эскерүүлөрү, Акчаг Басылмалары, Анкара, 2017.

2. БАЙКАРА, Тунсер, Зеки Велиди Тоган, Маданият министрлигинин басмалары, Анкара, 1989.

3. https://islamansiklopedisi.org.tr/togan-ahmet-zeki-velidi



Тектеш кабарлар