Абай Кунанбай уулу
Түрк дүйнөсүнө арналган өмүрлөр-17
Кадырлуу окурмандар, биз бүгүн казак түрктөрүнүн эң маанилүү инсаны, акыны жана ойчулу Абай Кунанбай уулу жөнүндө кеп салабыз.
Абай 1845-жылы азыркы Казакстандын Семей облусунун чегинде Сырт-Каскабулак деген жерде туулган. Башкаруучу жана казак коомунун арасында кадыр-барктуу болгон атасы Кунанбай, энеси Уулжан жана чоң энеси Зере Абайдын алгачкы тарбияланышындагы үч маанилүү инсан болгон. Алардан уккан тарыхый окуялар, поэмалар, элдик эпостор Абайдын жеке инсандыгынын калыптанышына зор таасир тийгизген. Теңтуштарына салыштырмалуу өтө таланттуу бала болгон Абай атасынын каалоосу менен он жашында Семейдеги Ахмет Рыза медресесинде билим ала баштаган. Медресенин негиздөөчүсү Ахмет Рызанын Казанлы татар тарыхчысы жана реформатор дин аалымы Шехабеддин Мерканинин шакирти болгондугу жана ушул себептен Мерканинин ойлоруна ылайык билим бергени белгилүү. Ахмет Рыза медресеси ошол мезгилдеги башка медреселерден айырмаланып, классикалык диний илимдерден тышкары тарых, философия жана поэзия, араб, фарс, чагатай тилдерин да окуткан. Абай диний билим алуу менен бирге түрк жана фарс адабиятына кызыгып, Низами, Неваи, Генжеви, Хафиз сыяктуу акындардын чыгармалары менен таанышууга мүмкүнчүлүк алган. 3 жылдык медреседе билим алган Абай шаардагы орус мектебине тапшырып, орус тилин үйрөнүп, орус жана батыш адабияты жана ой жүгүртүүсү менен бирге Чыгыш адабияты жана ой жүгүртүүсү менен таанышып, Пушкин менен Толстойдун, ошондой эле Гёте, Спиноза жана Спенсердин чыгармаларын окууга мүмкүнчүлүк алат. Бул чыгармалардын айрымдарын которгон Абай да Санкт-Петербургда иштеген. Ал ошондой эле Санкт-Петербургдан сүргүнгө айдалган орус интеллигенти Е.П. Михаэлис өңдүү демократиялык интеллигенция өкүлдөрү менен жеке жолугушуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон жана алардын идеяларынан таасирленген. Абай өзүнүн адабий, интеллектуалдык жактарынан тышкары искусствого, музыкага да кызыгып, айланасындагыларды бул багытта үндөгөн. Ал казактын салттуу кол өнөрчүлүгүнө кызыккандыктан, домбыра чертип, казактын элдик ырларын ырдаган. Абайдын өз ырларына обон салган чыгармалары да бар. Атасы Кунабай ажылык сапарда жүргөндө, жаш кезинде атасынын ордуна өзү таандык болгон Аргын уруусун башкарууга дайындалган Абай кийинчерээк алган тажрыйбасы менен Чынгыз аймагынын болушу болуп шайланат. Кийинчерээк казылык сыяктуу мамлекеттик кызматтарды аркалаган Абай коомчулуктун ишенимине да, кадырына да ээ болгон. Өзү жашаган коомдун социалдык-экономикалык маселелерине кайдыгер карабаган, билимге, эмгекке, өндүрүшкө тынымсыз кеп-кеңештерин айтып турган Абай керек учурда катуу сын айтуудан да кайтпаган. Абайдын 200гө жакын ырлары, прозалык түрдө жазылган 45 насааты, кара сөз, орус тилинен ар кандай котормо чыгармалары бар. Каза болгонуна бир кылымдан ашык убакыт өтсө да, улуттук руханий жол көрсөтүүчү иретинде Казакстан коомчулугунун эсинде маңыздуу орду бар. Улуу акын жана ойчулдун маанилүү туулган күндөрү өлкө боюнча белгиленип келет.
Абай Кунанбай уулунун чыгармалары учурда шыктануу менен белгиленет жана анын ырлары жети жаштан жетимишке чейинки бардык курактагыларга белгилүү. 2021-жылга карата Казакстанда жана Казакстандын тышында Абай Кунанбай уулу жана анын чыгармалары тууралуу жазылган китептер, китеп бөлүмдөрү жана илимий макалалардын саны 10 миңден ашты. Коомдон тышкары, Абай - эгемен Казакстандын мамлекет куруу процессинде да, модернизациялоо аракеттеринде да Казакстан администрациясы тарабынан эң жогорку деңгээлдеги инсан. Ал 1904-жылы туулган жеринде каза болгон. Ал эки жолу турмуш куруп, 10 балалуу болгон. Алардын айрымдары жаштайынан каза болсо, кээ бирлери эл душманы деп жарыяланып, Совет бийлигинин алгачкы жылдарында өлүм жазасына тартылган же сүргүнгө айдалган. Жыйынтыктап айтканда, Абайдын туулуп-өскөн чөйрөсү казактар үчүн саясий, экономикалык, социалдык жактан оор мезгилдерге туш келди. Орус колониялык түзүлүшүнөн улам жергиликтүү башкаруучулардын жана коомдогу бул начарлоону Абай бала кезинен бери эле байкап, бул агымга каршы позицияны карманган. Керек учурда эң жакын адамы – атасынан баштап, ыңгайсыздыгын билдирүүдөн тартынбай, экинчи жагынан башынан өткөргөн караңгы мезгилге чыгармалары менен жарык чачууга аракет кылган. Ушул себептен улам, анын адабий инсандыгын, ошондой эле коомдук түзүлүшкө жана коомдук институттарга берген баасын эске алганда, Абайды модернист катары аныктоого болот. Анткени, ал өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин казак коомун жаңылоого, заманбапташтырууга жана билим берүүгө өзгөчө көңүл бурган. Ал совет доорунда поэзиясы менен да, идеясы менен да чоң мааниге ээ болбосо да, эгемендик алгандан кийин татыктуу баасын алып, идеялары жаңы мамлекетке жарык чачты. Анын 200 жылдык мааракеси боло турган 2045-жылга карата даярдыктар башталды.
ТРТнын "Түркия үнү" радиосу үчүн программаны даярдаган Назгүл Кадырова
Булактар:
1. Авезов, М. (1997). Абай жолы. (Котормосу: Зейнеш Исмаил жана Ахмет Гүнгөр). Билиг басылмалары: Анкара.
2. Аян, Э. (2017). Бир доордун күзгүсү, Абай Кунанбай жана Кара сөз. Ахмет Йесеви университетинин Камкорчулар кеңеши Басылмалар: Анкара.
3. Бейлур, С. (2020). Казак модернизациясында Абай Кунанбайоглынын орны. Азия Европа, 57, стр. 91-99.
4. Чынар, А.А. (2021). Казактын улуу акыны Абай Кунанбаев (1845-1904), ТДК басмасы. Анкара.