Агрынын тери тулум сыры

Түркиянын географиялык көрсөткүчү бар азыктары-38

2187868
Агрынын тери тулум сыры

АГРЫНЫН ТЕРИ ТУЛУМ СЫРЫ

Катталган күнү: 29.03.2024

Түркиянын Иран менен чектеш аймагында жайгашкан Агры шаары кой чарбачылыгы өзгөчө өнүккөн аймак. Агры облустук атайын башкармалыгынын кайрылуусу менен 2024-жылы Түркиянын географиялык көрсөткүчү бар өнүм каттоосунан өткөн азыктарынын арасына кирген «Агрынын тери тулум сыры» койдун сүтүнөн жасалган сыр түрү. Аймактын жайлоолорунда өскөн эндемикалык өсүмдүктөр менен азыктанган койдун сүтүнө уйдун сүтүн аз өлчөмдө кошуп жасалган Агрынын тери тулум сыры бир аз туздуу, жарым жумшак жана абдан жыпар жыттуу даамга ээ. Толугу менен табигый ачыткы менен өндүрүлгөн сырды жасоо үчүн жаз жана жай айларында жайлоодо багылган малдардан саалган сүт болжол менен 40 градуска чейин кайнатылат. Кайнаган сүткө табигый ачыткы кошулгандан кийин бир саатка жакын кармалат. «Телеме» деп аталган чийки сыр кесектери көп бөлүнө электе «Сүзек» деген 2-3 килограммдык пахта кездеме баштыгына толтурулат. Кебез баштык 15-20 градус температурада болжол менен 12 саат бою суусун сарыктыруу үчүн күттүрүлөт жана бул процессте баштык маал-маалы менен бурулуп турат. Биринчи чыпкалоо процесси аяктагандан кийин баштыктардан алынган сыр кесимдери 50 килограммдык каптарга салынып, чыпкалоо процесси дагы 2-3 күн уланат. Сүзүлгөн сырды буурчак көлөмүндөй туурап, туздагандан кийин кайра кебез капка салынып, бир жумадай кармалат. Акырында сыр эчкинин терисинен жасалган тулумга ичинде аба калбагыдай түрдө бекем бастырылып салынат. Тери тулумдагы сырды 4 айдан кем эмес нөл градуста кармагандан кийин бышып жетилет, андан соң тиешелүү таңгактарга салынып, керектөөчүгө сунушталат. Агрынын тери тулум сыры суук аба ырайында 12 айга чейин сакталат.



Тектеш кабарлар