Мараштын жез кол өнөрчүлүгү
Түркиянын географиялык көрсөткүчү бар өнүмдөрү-37
Мараштын жез кол өнөрчүлүгү
Катталган күнү: 23.03.2023
Түркиянын Жер Ортолук деңиз аймагынын Чыгыш Анадолу аймагы менен кесилишинде жайгашкан жана өлкөнүн боштондук күрөшүндө өзгөчө мааниге ээ болгон Кахраманмарашта өндүрүлгөн «Мараш жез кол өнөрчүлүгү» шаардын Соода өнөр-жай палатасынын арызы боюнча 2023-жылы географиялык көрсөткүчү бар өнүм каттоосунан өттү. Өтө жука жез барактарды согуу, калыптандыруу жана кооздоо жолу менен жасалган «Мараш жез кол өнөрчүлүгү» жогорку чеберчиликти жана кол эмгегин талап кылат. Уста чеберлер жез барактарды дөшү же катуу буюм менен жыгач балканын ортосуна чаап формага келтиришет. Балка менен катууланган жез бөлүнүп, жарылып кетпеши жана оңой иштетилиши үчүн жалындаган оттун үстүндө маал-маалы менен «тазалоо» деп аталган процесске салынып жумшартылат. Жез буюмдарынын сап жана туткасы көбүнчө коло, темир жана жез сыяктуу металлдардан куюу ыкмасы менен чыгарылат. Буюмдар керектүү формага ээ болгондон кийин оюм-чийим же тешик сайма ыкмалары колдонулуп кооздоо иши кол менен жасалат. Акыры калайланган жана жылмаланган Мараш жез кол өнөрчүлүгүнүн негизинде казан, мискей, чайнек, көмөчтан, лоток, кофе комплекти, кофе бышыруучу идиш жана кумура сыяктуу үй буюмдарын, ошондой эле шам чырак, гүл идиштери жана вазалар сыяктуу кооздук буюмдарды жасоого болот.