Шайлоо процесси эми эмнеге жикке бөлбөй калды?

Глобалдык перспектива-24

991885
Шайлоо процесси эми эмнеге жикке бөлбөй калды?

Шайлоо процесси эми эмнеге жикке бөлбөй калды?

Түркияда кыска убакыттан кийин президенттик жана парламенттик шайлоо болот. Талапкерлер жана саясий партиялар болгон ылдамдыгы менен шайлоо өнөктүктөрүн жүргүзүп жатышат. Түркия тарыхынын алгачкы президенттик шайлоо процессин карасак алгач көзгө урунган, балким тарыхында эч көрүнбөгөндөй түрдө жумшак процессти байкап жаткан чыгаарбыз. Мурдагы, катуу, жикке бөлгөн, ашкере айтымдар үстөмдүк кылган шайлоо өнөктүктөрүнөн из да жок. Бул абалдын себептери эмне болушу мүмкүн?

Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүлдүн темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.

50+1%га ээ болуш үчүн макулдашылган саясаттын мажбурдуулугу

Мурдагы  шайлоолорго көз чаптырылганда Түркия саясатында 20 пайыздык добуш менен бийликке келе алуу мүмкүн эле. АК Партия өзү үчүн дагы татаал нерсени тандап, Мамлекет башчынын 50+1% менен шайланышы боюнча эрежени киргизди. Эми саясий партиялардын бир гана өз шайлоочу катмарлары үчүн саясат иштеп чыгуулары, базасын бекемдөөлөрү жетиштүү болбойт. Талапкерлер бийликке келе алыш үчүн кеңири эл катмарларынан добуш ала турган саясаттарды иштеп чыгуулары керек. Бул максат менен жаңы шайлоочу массаларына жетип, аларды көндүрүүгө мажбур. 50+1% муктаждыгы бардык партияларды мурдагы жалаң өз шайлоочуларына багытталган саясаттан, ошол ишеничтүү порттон чыгууга, жаңы портторго жанашууга мажбурлайт. Ушул алкакта бардык партиялардын дагы кеңири эл массаларына жетүүлөрү, дагы кеңири макулдашылган саясаттарды байкоолору, арасындагы радикалдык айтымдарга жана кишилерге чек коюулары керек.

Түркияны башкаруунун аймактык татаалдыгы эске алынганда, талапкерлердин жана партиялардын шайлоо системасынын талабы боюнча дагы макулдашуучу саясат жүргүзүүгө мажбур болуулары оң өнүгүү болуп саналат.

2-айлампа ыктымалы

Коомдук пикирди изилдөөлөр президенттик шайлоолордун биринчи айлампада бүтө турганын көрсөтүп жатса дагы оппозициядагы партиялар жана талапкерлер шайлоонун экинчи айлампага калтырылышы үчүн болгон күчүн жумшап жатышат. Теория болсо дагы шайлоолордун 2-айлампага калуу ыктымалдуулугу талапкерлерди жана партияларды дагы кылдат жана ойлонуп сүйлөөгө мажбурлайт.

Өзгөчө оппозициядагы партиялардын бир гана өз шайлоочуларынан 50+1 пайыздык добушту алуу ыктымалдуулугу болбогондуктан башка партиялардан жана аз да болсо АК Партиядан добуш өөнөп алууга түртөт. Бул мажбурдуулук партияларды жана талапкерлерди табигый түрдө башка партиялардын шайлоочу катмарлары жактырбай турган сөз сүйлөө жана иш-аракеттерден алыс болууга, дагы көп кучагына алуучу саясаттарды иштеп чыгууга түрткү болот. Алдыдагы убактарда бир талапкер же партия басымдуулук кыла албай президент 2-турда шайлана ала турган абалдарда 2-айлампа ыктымалдуулугунун жумшартуучу таасири дагы так көрүнөт. Ушундай ыктымалдуулук болгон учурларда партиялар 2-айлампада башкача өнөктөштүктөрдү күтө алышкандыктан, башка партиялардын да добуштарына муктаждыктары боло тургандыктан өтө катуу эмес сөздөрдү колдонушат.

Шайлоочулардын да түздөн-түз талапкер көрсөтө алуулары

Мурдагы президенттик шайлоолорунда, президенттик үчүн бир гана партиялардын парламенттеги фракциялары же болбосо белгилүү катыштагы эл өкүлдөрү талапкер көрсөтө алышчу эле. Бул абал чындыгында шайлоочунун эркинин үкөккө жетиштүү түрдө чагылышпоо ыктымалдуулугун кошо ала келчү. Демократия жана эркиндиктер жагынан кемчилик болуп саналчу. Жаңы система менен бул кемчилик жоюлду. Жүз миң добуш менен ар ким эми президенттикке талапкер боло алат. Бул укук өзгөчө майда партияларды, маргиналдык топторду системанын ичинде кармоо жагынан да оң процесс болууда. Бул укук берилбегенде бул партиялар же топор дагы катуу боло алышмак. Бирок бул укук менен бул эл катмарлары да эми талапкерлерин көрсөтө алуу потенциалына ээ болушту. Жүз миң добушту топтой албаган учурунда күнөөнү системага таңуулай турган мүмкүнчүлүктөрү да болбойт.

Өнөктөштүктөрдүн шайлоодон мурда куралышы

Түркияда мурдагы шайлоолордо партиялардын өнөктөштүк кылуулары мыйзам ченемдүү эмес болчу. Бул шайлоодо өнөктөштүк түзүүнүн жолу ачылган соң саясий партиялар көбүнчө «Жумхур» өнөктөштүгү же «Миллет» өнөктөштүгүнүн курамында шайлоолорго катышууда. Саясий партиялардын өнөктөштүк менен шайлоого катышуулары эки түрдүү негиз менен саясий чыңалууларды жумшартууда. Мурда өнөктөштүктөр, коалициялар шайлоодон кийин түзүлчү. Шайлоодон мурда болсо кырчылдашкан шайлоо процессин баштарынан өткөрүшчү. Эми болсо өнөктөштүктөр шайлоодон мурда түзүлгөндүктөн жана шайлоо убагында жогоруда атап өткөн эрежелер дагы таасирдүү болгондуктан саясий айтымдар дагы жумшарууда. Өнөктүштүктөрдүн шайлоодон мурда түзүлүшү шайлоочуларга бул өнөктөштүктөрдү бекитүү же бекитпөө мүмкүнчүлүгүн берүүдө.

Берки тараптан өнөктөштүктөр менен шайлоого катышуу 10 пайыздык чектен өтпөй калуу коркунучун жойгондуктан кичине партияларды дагы парламентке алып баруу  потенциалына эгедер. Парламентте саясий өкүлчүлүктүн арта турган болушу да шайлоо процессинде саясий чыңалууларды азайтууда.

Четке кагуучу өздүк саясатынын эми ишке жарабай турган болушу

Шайлоодон мурда өзгөчө солчул партиялар тынымсыз күн тартипке алып чыккан, сабаттуу-сабатсыз, лайцисттик-лайцист эместик,заманбапчылдык, Ататүркчүлдүк сыяктуу талаштарга бул ирет дээрлик эч кездешилген жери жок. Бул талаштардын бул партиялар үчүн дароо маанисин жоготконун айтуу рационалдуу болбойт. Бул айтымдардын өзгөрүүсүнүн эң маанилүү себеби өзгөргөн шайлоо системасы болуп саналат. Бир гана өз шайлоочу катмарына таянган, четке кагуучу өздүк саясаты менен 50+1 пайызга жетүүнүн мүмкүн болбошу, партияларды ондогон жылдар бою уланткан саясаттарын карап чыгууга мажбурлоодо. Бийликке келе алыш үчүн четке кагуучу өздүк саясатына эмес, кеңири коомчулук катмарларынын колдоосуна муктаждык болушу партияларга мажбур түрдө өзгөрүүнү алып келүүдө. Партиялардын эми башкача коомдук катмарлар менен байланыш курууга аргасыз болуусу Түркия жагынан алганда оң өнүгүү болуп саналат.

Террор уландыларынын четке кагылган болушу

Шайлоо процессинде көңүлдү бурган башка бир элемент, террордук уюм менен ортосуна ачык аралык кое албаган ХДП менен  эч бир партиянын өнөктөштүк курууга жакындабоосу. Бул коомдук кысым, демократиянын өз эрежелеринин алкагында иштеши жагынан оң өнүгүү болуп эсептелет. Саясий партиялар бир жагынан жаран жана демократиялык уюм катары шайлоого катышып жатканда шайлоолордон кийин эми тоого чыккандарга, террорго аралашкандарга салам бербейт. Шайланбаган террор мүчөлөрүнөн буйрук алышпайт.

Арткан популизм

Шайлоо процессинде, кеңири коочулук катмарларынын колдоосун алуу керектүүлүгү популизмди да арттыргандай көрүнүүдө. Өзгөчө оппозициядагы партиялар, эмнени кантип өндүрө турганын эмес, эмнени кандай тарката турганын айтып чыгууда. Бул абал эми өлкөнүн 2 миң доллардык эмес, 10 миң доллардык өлкө болушунан, 80 центке муктаж болбоосунан келип чыгууда. Муну менен бирге кайтаруусу болбогон ар түрдүү популисттик каржылоо, салык жана башка жолдор менен чогулган бир гана башкалары төлөгөн чыгымдар менен мүмкүн болот. Улам арткан салыктар рынокту, жарандык тармакты тарытып, өндүрүштү төмөндөтөт. Ар кимге бардык нерсени кайтаруусуз убада берүүнүн акыры өндүрүшсүз калууга, мындайча айтканда жокчулукка алып барат.

Жаңы саясат: Тескери болгонго эмес мүмкүн болгонго жетүүнү көздөө

Түркиянын аймагында абдан олуттуу коркунучтар менен бетме-бет келген бул абалда, ички саясатта, бөлүүчү эмес бириктирүүчү, жикке бөлүүчү эмес чогултуучу, өздүк саясаты менен майда коомчулуктарды эмес чоң коомчулук катмарларын алдыңкы планга чыгаруучу саясаттардын дагы көп жактырылышы, өлкөнүн коопсуздугу жагынан абдан маанилүү. Президенттик өкмөт системасы бул абалды эмитеден камсыздаганы көрүнүүдө. Талапкерлер жана партиялар кеңири коомчулук катмаралрынан дагы көп добуш алуу үчүн эми маргиналдык же тескери болгонго эмес, мүмкүн болгонго жетүүнү көздөөгө аргасыз.

Саясат дагы ансыз деле «мүмкүн болгондун искусствосу болуп саналат».

 Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинин саясий илимдер факультетинин деканы проф. др. Кудрет Бүлбүл.

 



Тектеш кабарлар