Ататүрк мавзолейинин керемети (видео)

Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемаль Ататүрк тууралуу видео баян

470417
Ататүрк мавзолейинин керемети (видео)

Урматтуу көрөрмандар! Бүгүн биз сиздерге Түркия Республикасынын негиздөөчүсү, түрк элинин атасы атыккан Мустафа Кемал Ататүрк тууралуу баян куруп берүүнү чечтик. Анткени Кыргызстандын «Кабар» агенттигинин жана Кыргыз радиосунун кабарчыларынын Анкара шаарынын Аныткабырына - Мустафа Кемаль Ататүрктүн мовзелейине болгон зыяраты буга себеп болду.

Эл башчыларынын чанда бири гана чыныгы сый-урматка, түбөлүк атак-даңкка татый алат. Көзү өткөн соң көпчүлүгүнүн жосунсуз жоруктары ачыкка чыгып, калк кадырлоосунан айрылат. Мустафа Кемаль Ататүрк көз жумгандан бери 78 жылдын жүзү болуптур, түрк эли ага акаарат айтмак тургай, тескерисинче ушул күнгө чейин сыймык менен аңыз кылып айтып келет. Муну Ататүрктүн мовзелейин кыдырып көрүп жүрүп, ынандык. Кол телефонубузга мовзелейдин тышындагы жана ичиндеги тарыхый көрүнүштөрдү толук тартып алууга мүмкүнчүлүк болбосо да, айрымдарын тартып алган элек жана сиздерге баяныбыз менен кошо көрсөтүүнү туура көрдүк.

Мустафа Кемаль Ататүрк 1881-жылы 12-мартта ошол мезгилде Осмон империясынын карамагында болгон гректердин Солоники шаарында төрөлгөн. Жарык дүйнөгө келгендеги аты – Мустафа. Кемаль – кыргызча айтканда «Мыкты» деген кошумча ысымды аскер окуу жайында окуп жүргөндө математиканы чемичкедей чаккандыгы үчүн алган. Ал эми Ататүрк ысымы 1934-жылы Түркиянын Улуттук улуу жыйыны тарабынан берилген.

Мустафа Кемаль түрк аскер билим берүүсүнүн бардык баскычтарынан өткөн. Алардын эң жогоркусу – Стамбул аскер академиясы эсептелет. 1905-жылы Башкы штабда капитандык чинде жүрүп, бийликке каршы иш жүргүзгөн деген шек менен камакка алынат. Бирок бат эле бошотулуп, Сириядагы алыскы провинциалдык горнизонго жөнөтүлөт. Жаш офицер чындыгында эле султан Абдул Хамиддин бийлигинин ички да, тышкы да саясатынын алгылыксыз көп жактарын активдүү түрдө ачыктап жүрчү. Ал фрацуз агартуучуларынын, англис либерализминин идеяларын казып окуп, түрк патриот акындарынын ырларына кызыкчу.

1904-1908-жылдары Мустафа Кемаль өкмөттөгү жана армиядагы коррупция менен күрөшүү үчүн революциялык маанайдагы бир нече жашыруун уюмдарды уюштурат. Бирок 1908-жылы революциялык айрым кыймылдар менен көз карашы келишпегендиктен, саясаттан кетип, Италия-Түркия, Экинчи Балкан жана Биринчи дүйнөлүк согуштарга катышып, майдандагы каармандыгы үчүн генерал чинин жана паша титулун алат. Согуштан соң Антанта блогундагы мамлекеттердин түрк султанын багындырып алышына жана Осмон империясын Севр тынчтык келишиминин негизинде ич ара бөлүп кетишине каршы турган. 1919-жылы Измирге грек армиясы басып киргенде бүтүндөй Анатолия боюнча улуттук боштондук кыймылын уюштуруп жетектейт. Стамбулдагы султан өкмөтү менен байланыш толук үзүлөт.

1920-жылы Анкарада Кемалды өзүн бийликтин жогорку органы атаган жаңы Улуттук улуу жыйындын төрагалыгына шайлашат. Жаңы бийликтин структурасын иштеп чыгып, жогорку башкы командачылыкты колго алган соң өзүнүн армиясын түзүп, англо-грециялык баскынчылыкка каршы боштондук күрөшүн жүргүзөт. Кемалдын командачылыгы менен 1922-жылы түрк армиясы баскынчыларды талкалап, Антанта блогун мурдагыга караганда бир канча акыйкаттуу эсептелген Лозанн келишимин түзүүгө мажбур кылат.

Кемалдын демилгеси менен султандык башкаруу четтетилип, халифат жоюлуп, республика түзүлөт. Ататүрк 1923-жылы анын эң алгачкы президенти болуп шайланып, кийин катары менен үч мертебе кайрадан шайланган. Жаңы түрк мамлекети жаңы президентке, жаңы парламентке, жаңы Башмыйзамга ээ болуу менен башкаруунун жаңы формасына өтөт. Кемалдын бир партиялуу бийлиги 20 жыл боюу өкүм сүрүп, ал өлгөндөн кийин гана көп партиялуу система киргизилет. Ал өлкөнүн борборун да алмаштырып, Анкараны борбор шаар кылат.

Ырас, анын инсандык турум-турпатын идеалдаштыруунун кереги жок. Улуттук эгемендикти сактап калуу үчүн ал күрддөргө автономия берген эмес. Алардын көтөрүлүшүн, алтургай түрктөрдүн өздөрүнүн эле оппозициясын аёосуз түрдө басып турууга туура келген. Кемалдын демилгеси менен 1928-жылы Түркияда аял – эркектин тең укуктуулуугу жарыяланып, аялдар шайлоо, шайлануу укугуна ээ болушат. Билим берүү тармагын да реформалайт. Исламдын диний-саясый авторитетинен арылуу үчүн жана Батышка Түркиядагы «европалык» жашоо-турмуштун жагдайын жарнамалоо үчүн жазууну араб алфавитинен латын алфавитине өткөрөт. Исламдын диний таасирин азайтуу максатында динди мамлекеттен бөлүп караган мыйзамды кабыл алат. Шаарларга, айылдарга мечиттерди эмес, агартуу, ишкердик, тейлөө, тиричилик жана турак-жай имараттарын курдурат. Жарандардын аты-жөнүнө батыш үлгүсүндөгү үй-бүлөөлүк фамилияны киргизет. Экономикада Кемаль улутташтыруу саясатын жүргүзгөн, ал эми тышкы саясатта өлкөнүн көз карандысыздыгына жетишүүсү үчүн күрөшкөн. Ошентип Кемалдын жетекчилигинде түрк эли чачырап, бөлүнүп, жок болуп кетүүдөн сакталып калып, кыйрап калган Осмон империясынын ордуна жаңы Түркия мамлекети орноп, бутуна туруп, кайсы гана мамлекет болбосун теңата сүйлөшүүгө жетишип, Улуттар Лигасына кирип, коңшу өлкөлөр, биринчи кезекте Греция, СССР менен достук мамилесин бекемдеген.

Мустафа Кемал Ататүрк 1938-жылы 10-ноябрда Стамбулда дүйнөдөн кайткан. Ал тамашакөй болчу, шатыра-шатман жүрчү, бирок чоң саясатчы, эң жогорку бийлик башындагы адам катары акылгөйлүктү, чечкиндүүлүктү, токтоолуктуу адат катары алып жүрчү. Отузунчу жылдары Кемаль Орто Азияда түрктөргө кандаш бир тууган элдер жашагандыгын, качандыр бир кездери алар эгемендикке ээ болуп, көз карансыздыкка жетишээрин, ошол учурда Түркия ага дайыма даяр болуп, ал элдер менен бир туугандык тыгыз карым-катнаш түзүшү керектигин айткан болчу. Ататүрктүн көрөгөчтүк менен айткан сөзү келип, башка тектеш элдер менен катар кыргыз эли да эгемендикке ээ болгондон бери 25 жылдын жазы келди. Кудайга шүгүр, Кыргызстан Түркия менен боордош эл катары соода-экономикалык, саясий, аскердик-техникалык багытта тыгыз карым-катышта. Боордош эки элдин тамыры бир, элибиздин өз ара мамилеси кылымдар бою калыптанып келген. Учурда Түркиянын дүйнө жүзүндө өзүнүн татыктуу орду бар. Акыркы он жылда өлкөнүн экономикасы туруктуу өнүгүп, жогорку көрсөткүчтөргө жетишти.

Урматтуу көрөрмандар жана окурмандар сиздер Түркия Республикасынын негиздөөчүсү, түрк элинин атасы атыккан Мустафа Кемаль Ататүрк тууралуу «Кабар» агенттигин кабарчысы Дайырбек МЕЙМАНОВдун баянына ортоктош болдуңуздар...



Тектеш кабарлар