Террористтерге каршы күрөш уланып жатат

Улуттук коргоо министрлиги билдирүү жасады.

2088525
Террористтерге каршы күрөш уланып жатат

Ирактын түндүгүндөгү Метина жана Гара аймактарына күтүүсүздөн жүргүзүлгөн аба операциялары менен жикчил террордук уюм ПККга мүчө дагы 10 террорист жок кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө: «Болоттон чеңгелдерибиз террористтердин уюктарын талкалап жатат. Ирактын түндүгүндөгү Метина жана Гара аймактарына күтүүсүздөн жүргүзүлгөн аба операциялары менен дагы 10 ПКК террористи жок кылынды»,-деп айтылды.

Улуттук чалгындоо уюму (MİT) да Метина аймагында террордук уюмдун, Түркия жана Ирактын түндүгүндөгү коопсуздук күчтөрүнө каршы көптөгөн кол салууларына катышканы аныкталган террористтерге карай операция жүргүздү.

MİT менен Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) биргелешкен иш-аракеттеринин натыйжасында таасирсиз абалга келтирилген террористтердин биринин, террордук уюмдун жооптууларынан «Пейман Багок» каймана аттуу Хүлья Мержен экени аныкталды.

Террорист Мержендин 32 жылдан бери террордук уюм ПККнын тоо отрядында аялдарга карата иш алып барганы айтылды.



Тектеш кабарлар