Соода министри Өмер Болат Алжир соода делегациясынын ачылыш программасына катышты

Өмер Болат Түркия жана Алжирдин арасындагы 10 миллиард  долларлык соода көлөмү максатына жетүү тууралуу ишенимдүү кадамдар менен алдыга жылгандарын белгиледи.

2155410
Соода министри Өмер Болат  Алжир соода делегациясынын ачылыш программасына катышты

Соода министри Өмер Болат Түркия жана Алжирдин арасындагы 10 миллиард  долларлык соода көлөмү максатына жетүү тууралуу ишенимдүү кадамдар менен алдыга жылгандарын белгиледи. 

Болат Түркия сыйлуу конок болгон  55 -  Эл аралык Алжир жарманкесинен улам барган өлкөдө Алжир соода делегациясынын ачылыш программасына катышты.

Министр Болат бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Алжир менен болгон эки тараптуу соода көлөмүнүн өткөн жылдын аягында 6,3 миллиард доллар болгонуна көңүлдөрдү буруп : "Бул сан ушул күнгө чейин жеткен эң жогорку деңгээл. Эки тараптуу соода көлөмүбүз бул жылдын биирнчи 5 айында андан мурдагы жылдын ушул эле мезгилине караганда 8 пайыздык өсүү менен  2,7 миллиард долларлык деңгээлде ишке ашты. Орток соода көлөмүнүн 10 миллиард долларлык максатына жетүү үчүн ишенимдүү кадамдарды таштап жатабыз.  Эки өлкөнүн ортосунда преференциалдык соода келишими боюнча сүйлөшүүлөрдүн жакында баштала тургандыгы тууралуу жакшы кабарды билдиргим келет»,- деди.

 



Тектеш кабарлар