"Боздоган-45" операциясында эки террорист жок кылынды.

Батмандын Гержүш районунда жүргүзүлгөн "Боздоган-45" операциясында  эки террорист жок кылынды алардын бирөөсү кызыл категорияда изделип жаткан.

2155168
"Боздоган-45" операциясында эки террорист жок кылынды.

Батман облусунун Гержүш районунда жүргүзүлгөн "Боздоган-45" операциясында  эки террорист жок кылынды алардын бирөөсү кызыл категорияда изделип жаткан.  

Ички иштер министри Али Йерликая социалдык медиа эсебиндеги билдирүүсүндө, өткөн күндөрдө 6 коопсуздук кызматкери шейит болгон,  19 коопсуздук кызматкери жараланган 9 кол салууга катышкан, бирөөсү кызыл категорияда изделген 2 террористтин операцияда жок кылынгандыгын билдирди.

Аба күчтөрү командирлигинин учактары, АТАК чабуул коючу тик учактар менен куралдуу учкучсуз учуу аппараты операцияга колдоо берди. 

Али Йерликая майрамдык эс алууда экөөсү кызыл, төртөөсү кызгымтыл сары, экөөсү боз категориядагы  11 жикчил террордук уюмдун мүчөсү террористтин жок кылынгандыгын маалымдады. 

Террор менен күрөшүүдө чечкиндүүлүктү баса белгилеген Йерликая : "Шейиттерибиздин каны жерде калбайт. Саткындарга тынчтык жок. Операцияларыбызды жай - кыш дебестен жылдын  365 күнү улантылат",- деди. 

 



Тектеш кабарлар