Хакан Фидан чехиялык кесиптеши менен жолугушат

Жолугушууда эки тараптуу карым - катнаштар түрдүү өңүттө каралып, учурдагы кызматташтыкты тереңдетүү үчүн ташталышы мүмкүн болгон кадамдар талкууланат.

2155286
Хакан Фидан чехиялык кесиптеши менен жолугушат

Тышкы иштер министри Хакан Фидан эртең борбор шаар Анкарада чех кесиптеши Ян Липавский менен жолугушат.

Жолугушууда эки тараптуу карым - катнаштар түрдүү өңүттө каралып, учурдагы кызматташтыкты тереңдетүү үчүн ташталышы мүмкүн болгон кадамдар талкууланат.

Министр Фидандын Түркиянын Европа Биримдигине  мүчөлүк процессинин алкагында Чехия жана Европа Биримдигинен күтүүлөрүн билдириши да  күтүлүүдө.

Эки министрдин жолугушуусунда Түркия менен Чехиянын ортосундагы экономикалык карым - катнаштардын да күн тартибинде болушу күтүлүүдө, анда аймактык абалдар, өзгөчө Израилдин Палестинага кол салуулары жана Украина согушу темасында пикир алмашышат.

Эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмү 5,8 миллиар долларды ашты жана жаңы максат 10 миллиард долларга болуп белгиленди. 

 

 



Тектеш кабарлар