Жевдет Йылмаз Алжирде Түрк бизнес жолугушуу программасына катышты

Вице - президент Жевдет Йылмаз Түркиянын Африка континентинде эң көп инвестиция салган өлкө Алжир экендигин айтты.

2155221
Жевдет Йылмаз Алжирде  Түрк бизнес жолугушуу программасына катышты

Вице - президент Жевдет Йылмаз Түркиянын Африка континентинде эң көп инвестиция салган өлкө Алжир экендигин айтты.

Жевдет Йылмаз Алжирге болгон иш сапарынын алкагында үй-бүлө жана социалдык кызматтар министри Махинур Өздемир Гөкташ жана соода министри Өмер Болат менен бирге Дүйнөлүк Түрк Ишкерлер Кеңеши (DTİK) тарабынан уюштурулган Түрк бизнес жолугушуу программасына катышты.

Йылмаз бул жерде сүйлөгөн сөзүндө Алжирдин Түркия менен жогорку деңгээлдеги карым - катнаштагы мамлекеттердин бири экенин, бул өлкө менен ар тармакта карым - катнаштарды жакшыртууга чоң жана өзгөчө маани бергендерин айтты.

Эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүнүн өсүүсү уланып  жатканын белгилеген Йылмаз, соода көлөмү максатынын 10 миллиард доллар экенин белгиледи.

Жевдет Йылмаз Түркиянын Африка континентинде эң көп инвестиция салган өлкө Алжир экенин белгилеп : "Түздөн түз  инвестиция жагынан 6 миллиард доллардык олуттуу көлөмгө жеттик. Түркиянын Алжирде мунай жана жаратылыш газынан башка эң көп инвестиция салган жана эң көп жумуш менен камсыз кылган өлкө экендигине абдан кубанычтабыз",- деди. 

«Алжир Африкада эң көп келишимдик долбоорлорду ишке ашырган экинчи өлкө, дүйнөдө болсо жетинчи өлкө»,-деген Йылмаз, ушул күнгө чейин  636 келишим түзгөн түрк фирмалары менен 21, 3 миллиард долларлык соода көлөмүнө жеткенин айтты. 

Йылмаз Алжирдеги долбоорлордо фирмаларга колдоо көрсөтүүнүн алдыдагы мезгилде да улана турганын баса белгиледи.

 

 



Тектеш кабарлар