Эрдоган «2023 Нежип Фазыл сыйлыктары» сыйлыгынын ээлерин куттуктады

Президент Режеп Таййип Эрдоган социалдык медиа эсебинен билдирүүсүн бөлүштү.

2082503
Эрдоган «2023 Нежип Фазыл сыйлыктары» сыйлыгынын ээлерин куттуктады

Президент Режеп Таййип Эрдоган, бул жылы онунчу жолу өткөрүлгөн «2023 Нежип Фазыл сыйлыктары» сыйлыгынын ээлерин жана уюштуруучуларын жарыялаган билдирүүсү менен куттуктады.

Президент Эрдоган, социалдык медиа эсебинен бөлүшкөн билдирүүсүндө:«Нэжип Фазыл сыйлыктарын тапшырган илим, маданият жана искусство аалымдарын куттуктап, ар бирине жеке өзүмдүн, өлкөмдүн, улутумдун атынан терең ыраазычылык билдирем», - деди.

Эрдоган: «Жаңы тарбияланган жаштарыбыз устаттарынан калган аманатты татыктуу түрдө алып, андан дагы бийиктетип, өзүнөн кийинкилерге эң жакшы жол менен өткөрүп берерине ишенем»,-деди.

Нежип Фазыл сыйлыктарынын абдан маанилүү роль ойногонуна көңүл бурган президент Эрдоган: «Бул сыйлыктар менен биз улуу акыныбызга болгон берилгендик карызыбызды төлөп гана койбостон, Түркиянын баалуулуктарын да коргойбуз»,-деди.

Эрдоган сыйлык ээлеринин Түркиянын чоң адамдык казынасынан кылдат эмгек менен аныкталган ысымдар экенин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар