Эрдоган ФИФАнын ачылыш аземине катышты

Президент Эрдоган Аль Байт стадионундагы кабыл алууда кээ бир лидерлер менен жолугушту.

1908491
Эрдоган ФИФАнын ачылыш аземине катышты

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Катарда ФИФАнын (Эл аралык футбол федерациялары ассоциациясы) 2022-жылкы дүйнөлүк чемпионатынын ачылышынын алкагындагы сый кечеде лидерлер менен жолугушту.

Президент Эрдоган Катардын эмири шейх Тамим бин Хамед Аль Танинин чакыруусу менен кечээ кечинде барган Катардын борбор шаары Дохадагы Аль Байт стадионундагы кабыл алууда кээ бир лидерлер менен жолугушту.

Эрдоган, Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас, Египеттин президенти Абдель Фаттах ас-Сиси, Иорданиянын падышасы Абдулла II, Дубайдын эмири шейх Мохаммед бин Рашид Аль Мактум, Кувейттин мураскер ханзаадасы Шейх Мишаал Аль-Ахмад Аль-Жабер Аль-Сабах жана ФИФАнын жетекчиси Жанни Инфантино менен саламдашып сүйлөштү.



Тектеш кабарлар