Эрдоган-Лапид сүйлөшүүсү

Израилдин премьер-министри Лапид Эрдоганды Курман Айт майрамы менен куттуктады.

1854269
Эрдоган-Лапид сүйлөшүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Израилдин премьер-министри Яир Лапид менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, Израилдин премьер-министри Лапид Курман Айт майрамынан улам президент Эрдоганга телефон чалды.

Түркия-Израиль карым-катнаштары жана аймактык маселелер каралган сүйлөшүүдө президент Эрдоган Лапидди Премьер-министрликке дайындалышы менен куттуктады.

1-ноябрда боло турган шайлоонун Израиль калкы үчүн пайдалуу болушун тилеген Эрдоган, шайлоолорго чейин жаңы конуштарга уруксат берилбешин жана Акса мечитиндеги абалдын сакталышы сыяктуу саясаттардын уланышын каалаганын билдирди. 


Этикеткалар: #Эрдоган Израилдин

Тектеш кабарлар