Ибрахим Калын  : «Түркиясыз эсеп  - кысап кылуу, саясат жүргүзүү мүмкүн эмес»

Ибрахим Калын Анкара музыка жана көркөм өнөр университетинин 2021 – 2022 билим берүү жылынын ачылуу аземине катышты.

1729680
Ибрахим Калын  : «Түркиясыз эсеп  - кысап кылуу, саясат жүргүзүү мүмкүн эмес»

Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын  : «Түркиясыз эсеп  - кысап кылуу, саясат жүргүзүү мүмкүн эмес»,- деди.

Ибрахим Калын Анкара музыка жана көркөм өнөр университетинин 2021 – 2022 билим берүү жылынын ачылуу аземине катышты. Андан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Чоң жыйырмалардын саммитинде президент Р. Т. Эрдогандын АКШнын президенти Жо Байден менен жолугушуу өткөргөндүгү тууралуу суроо боюнча : «Урматтуу президентибиз Байден менен түшүмдүү жана конструктивдүү сүйлөшүү өткөрдү. Сүйлөшүүнүн убактысы кыска болду бирок мазмуну абдан күчтүү болду. Эки лидер Түркия-Америка карым – катнаштарын туура бир стратегиялык алкакка салуу боюнча макулдашты. Ушул алкак боюнча кете турган, мунун аймактык эки тараптуу маселелерге чагылдыра тургандай бир механизмдин курулушу тууралуу келишим түзүлдү жана бизге да көрсөтмө берилди. Тышкы иштер министрлигибиздин координациясында бул механизм кыска убакытта курулат. Муну биз биргеликте талкуулап, лидерлерибизге сунуштайбыз. Түркия-Америка карым- катнаштарынын ылайык болгон жерде болушу үчүн да бизге берилген көрсөтмөлөрдүн негизинде иштөөнү улантабыз»,- деп жооп берди Калын.

Ибрахим Калын : «Азыркы учурда дүйнө саясатына түздөн түз таасир берген 4 – 5 геополитикалык маселени тизмелей турган болсок, Афганистан сыяктуу Чыгыш Жер Ортолук деңиз сыяктуу Сирия сыяктуу Кавказия, Ливия сыяктуу жерлердин баарында Түркия бар. Булардын ар биринде Түркиясыз эсеп – кысап кылынбайт, саясат жүргүзүлбөйт»,- деди.



Тектеш кабарлар