Измирде 157 мыйзамсыз мигрант куткарылды

Алар грек элементтери тарабынан түрк аймактык сууларына сүрүлгөн.

1728051
Измирде 157 мыйзамсыз мигрант куткарылды

Айдындын Кушадасы районунун жээгинде грек элементтери тарабынан Түркиянын аймактык сууларына сүрүлгөн 82си мыйзамсыз мигрант болгон 99 киши куткарылды.

Чет элдик жарандар текшерүүдөн өткөндөн кийин Облустук миграция башкармалыгына жөнөтүлдү.

Измирдин Урла, Дикили, Сеферихисар жана Чешме райондорунун жээктеринде да грек элементтери тарабынан түрк аймактык сууларына сүрүлгөн 157 мыйзамсыз мигрант куткарылды.

Жээк коопсуздук командирлигинин интернет сайтында жарыяланган билдирүүгө караганда, 30-октябрда Урланын жээктеринде резина кайыкта бир топ мыйзамсыз мигрант бар экени кабарланганда Жээк коопсуздук катери аймакка жөнөтүлдү.

Грек элементтери тарабынан Түркиянын аймактык сууларына сүрүлгөн 28 мыйзамсыз мигрант кайыктан алынып жээкке чыгарылды.

Дикили районундагы Денизкөй жээгинде резина кайыктагы 33 иммигрант жана Сеферихисар районунун жээгинде салдагы 24 мыйзамсыз иммигрант да жээкке чыгарылды.

Чешме районуна жакын жерде резина кайыктагы 72 мигрант да Түркиянын Жээк коопсуздук кызматы тарабынан куткарылды.

157 чет элдик жаран текшерүүдөн өткөндөн кийин Облустук миграция башкармалыгына жөнөтүлдү.



Тектеш кабарлар