Мевлүт Чавушоглу телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө

Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка ылайык, Чавушоглу менен Лавров Афганистандагы азыркы абалды талкуулашты.

1693341
Мевлүт Чавушоглу телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө

Мевлүт Чавушоглу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Корея Республикасынын тышкы иштер министри Чунг Эй-Ён жана Австралиянын тышкы иштер министри Марис Пейн, Кытайдын тышкы иштер министри Ван И жана Тажикстандын тышкы иштер министри Сиражиддин Мухриддин менен өз  - өзүнчө телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү. 

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка ылайык, Чавушоглу менен Лавров Афганистандагы азыркы абалды талкуулашты. 

Афганистанда  туруктуулуктун түзүлүшү үчүн аймактык жана эл аралык актерлордун коопсуздук жана тартипти түзүшү баса белгиленди. 

Сүйлөшүүдө эл аралык маселелер менен эки тараптуу карым  - катнаштар да каралды. 

Чавушоглунун Корея Республикасынын,  Австралиянын, Кытайдын жана Тажикстандын тышкы иштер министри менен өткөргөн телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүндө  да Афганистандагы акыркы абалдар каралды. 

Жекшемби күнү борбор шаар Кабулдун айланасын курчаган Талибан президент Ашраф Ганинин өлкөдөн чыгып кетиши жана өкмөт күчтөрүнүн да борбор шаардан чыгышы менен шаарды эч кандай кагылышуу болбостон көзөмөлүнө алган. 

 



Тектеш кабарлар