Түркиядагы коронавирус көрсөткүчтөрү
Акыркы 24 саатта вирустан 63 киши көз жумду.
1491927
![Түркиядагы коронавирус көрсөткүчтөрү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/c519/ee38/bbad/5f14bf29ea521.jpg?time=1719227590)
Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.
Акыркы 24 саатта вирустан 63 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 7 миң 249 деп катталды.
Бир сутканын ичинде 112 миң 645 тест жасалып, 1 миң 771 кишиде вирус аныкталды.
Ооруканадан айыгып чыккан 1 миң 342 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 262 миң 602ге жогорулады.