Эрдоган - Столтенберг сүйлөшүүсү

Сүйлөшүүдө Эрдоган Столтенбергге Түркиянын укугу жана кызыкчылыктарын ар дайым жана бардык жерде коргоону улантарын айтты

1481114
Эрдоган  - Столтенберг сүйлөшүүсү

Президент Р. Т. Эрдоган НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенбрег менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда  Президент Эрдоган Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги абалдар каралган сүйлөшүүдө Столтенбергге Түркиянын укугу жана кызыкчылыктарын ар дайым жана бардык жерде коргоону улантарын айтты.

Эрдоган Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңизде бардык өкөлөр кирешелүү чыга турган, адилеттүү чечүүчү жол жана бекем диалог чөйрөсүн жактагандыгын белгилеп, эл аралык мыйзамды жок деп санаган аймактык тынчтыкка зыянын тийигизген бир тараптуу кадамдарга каршы НАТОнун өзүнө түшкөн жоопкерчиликти орундатуусу керектигин да айтты.

 



Тектеш кабарлар