Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди

Түркия Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.

2154744
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди

Түркия Армениянын да Палестина мамлекетин таануу чечимине ыраазы экендигин билдирди. 

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : "Испания, Ирландия, Норвегия жана Словения сыяктуу  өлкөлөрдөн кийин Армениянын да Палестина мамлекетин таануу чечимин чыгарышынан ыраазыбыз",- деп айтылды. 

Палестинанын таанылуусунун  эл аралык укуктун, адилеттиктин жана абийирдин талабы экендигине көңүл бурулган билдирүүдө бул абалга Түркия тарабынан мурда да басым жасалгандыгы билдирилди.

Билдирүүдө Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин уланта тургандыгы  белгиленди.

Армениянын расмий кабар агенттиги Арменпресс жарыялаган Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө Палестина мамлекетинин Армения тарабынан расмий түрдө таанылгандыгы маалымдалды.

Билдирүүдө : "Армения эл аралык мыйзамга, элдердин теңдиги, эгемендүүлүгү жана тынчтык ичинде жанаша жашоо принциптерине берилгендигин дагы бир жолу аныктап жана Палестина мамлекетин тааныды",- деп айтылды. 

 



Тектеш кабарлар