ЙТБнин "Сирияда маданий жолугушуу" программасы

ЙТБ «Ефрат калканы» жана «Зайтун бутагы»  операциялары жүргүзүлгөн аймактарда жашаган 500 сириялык бала үчүн түрдүү маданий иш чараларды өткөрдү.

1305681
ЙТБнин "Сирияда маданий жолугушуу" программасы

Өлкө тышындагы түрктөр жана боордош коомдор башкармалыгы ЙТБ  Сириянын түндүгүндө  террордон тазаланган «Евфрат калканы» жана «Зайтун бутагы» операциялары жүргүзүлгөн аймактарда жашаган сириялык балдар үчүн маданий иш чараларды өткөрдү.

ЙТБ 10 – 14 -  ноябрь күндөрүнүн арасында өткөрүлгөн «Сирияда маданий жолугушуулар» деген программанын биринчи бөлүгүндө  «Ефрат калканы» жана «Зайтун бутагы»  операциялары жүргүзүлгөн аймактарда жашаган 500 сириялык бала үчүн түрдүү маданий иш чараларды өткөрдү.

Жараблустагы программага катышкан сириялык балдар өздөрү үчүн даярдалган анимация, Хаживат Карагөз театры жана Рафадан Тайфа сыяктуу мультфилимдерди кызыгуу менен көрүштү.

Жарыштарда белектерди алган балдар оюн паркында көңүлдүү убакыт өткөрүштү. Иш чаранын акырында балдарга түрдүү даамдар берилди.



Тектеш кабарлар