Румыниянын символдук кемеси «Mircea» Стамбулда

Тарыхый кемеде Румыниянын Элчилиги тарабынан сый кече уюштурулду.

1247499
Румыниянын символдук кемеси «Mircea» Стамбулда

Румыниянын Деңиз күчтөрүнүн символдук мааниге ээ парустуу аскердик билим берүү кемелеринен «Mircea»нын тейлөөгө киришинин 80 жылдыгы кечээ кемедеги сый кече менен белгиленди.

Румыниянын Түркиядагы Элчилигинин кожоюндугунда Стамбулдун Сарайбурну портуна токтогон «Mircea» кемесинде ишке ашкан сый кечеге Румыниянын Анкарадагы элчиси Габриэл Шопанда, Румыниянын Стамбулдагы башкы консулу Адриана Гиамба, Стамулдун губернаторунун орун басары Исмаил Гүлтекин, дипломатиялык миссиянын өкүлдөрү, Түркияда жашаган Румыниянын атуулдары жана көп сандаган чакырылгандар катышты.

Иш-чарада ачылыш сөзүн сүйлөгөн кеменин капитаны  Mircea Tarhoaca, көпкө созулган Жер Ортолук деңиз турунун акыркы аялдамасы болгон Стамбулга келип токтогондору үчүн кыбанычтуу экенин жана бул жерден Румынияга кайта тургандарын айтты.

Tarhoaca, кечээ якорун түшүргөн Сарайбурну портунан 5-августта кайта тургандарын билдирди.

Румыниянын Анкарадагы элчиси Шопанда да Түркиядан маанилүү расмий жооптуу кызматкерлерди жана бир топ дипломатиялык өкүлдөрдү тарыхый «Mircea» кемесинде коноктогондугу үчүн кубанычта экенин, бул тарыхый сапардын Стамбулга болушунун эки тууган өлкө жагынан маанилүү экенин айтты.

Сый кече сөз сүйлөөлөрдөн кийин Румыниянын ырларынан турган музыкаларды угузуу менен аяктады.


Этикеткалар: #«Mircea» кемеси , #Румыния

Тектеш кабарлар