Эртең Эрдогандын жетекчилигинде ЖАКтын жыйыны өтөт

Президенттик Комплекстте боло турган жыйында Түрк куралдуу күчтөрүндөгү (ТКК) кызматтык жогорулоо жана дайындоолор каралат.

1245751
Эртең Эрдогандын жетекчилигинде ЖАКтын жыйыны өтөт

Эртең Жогорку Аскердик Кеңеш (ЖАК) президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде чогулат.

Президенттик Комплекстте боло турган жыйында Түрк куралдуу күчтөрүндөгү (ТКК) кызматтык жогорулоо жана дайындоолор каралат.

Президенттик башкаруу системасынын экинчи ЖАК жыйынына кеңештин мүчөлөрү, вице-президент Фуат Октай, улуттук коргоо министри  Хулуси Акар, адилет министри Абдулхамид Гүл,  ички иштер министри Сулейман Сойлу, каржы министри Берат Албайрак, билим берүү жана илим министри Зия Селжук, Башкы штабдын төрагасы Яшар Гүлер, кургактык күчтөрүнүн командири, армия генералы Үмүт Дүнар, деңиз күчтөрүнүн командири, армия адмиралы Аднан Өзбал жана аба күчтөрү командири, армия генералы Хасан Күчүкакюз катышат.

Алгач президент Эрдогандын жетекчилигиндеги мүчөлөр Аныткабирге зыярат кылууга барышат. Андан соң жыйында полковниктердин даражасын жогорулатуу, кызмат мөөнөттөрүнүн узартылышы менен катар генералдардын даражасынын жогорулатылышы жана дайындоо иштери каралат.

Жыйындан кийин президент Эрдоган, ЖАК мүчөлөрү менен биргеликте тамак үстүндө жолугат.

Бул жыйында кабыл алынган чечимдер, Эрдогандын бекитүүсү менен күчүнө кирет.



Тектеш кабарлар