С - 400 системаларын тапшыруу иши улантылууда

Системаларды тапшыруу Орусия менен түзүлгөн келишимдин негизинде ишке ашууда.

1235222
С - 400  системаларын тапшыруу иши улантылууда

Түркиянын Орусиядан алган Узун аралыктуу аймактык аба жана ракеталык коргонуу системасы С - 400дөрдүн тапшрылышы улантылууда. 

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда системаларды тапшыруунун экинчи күнүндө бөлүктөрдү ташыган төртүнчү учак Анкарадагы "Мүртед" аба базасына конду. 

Кечээ башталган тапшыруу иштеринде  эки группа материал үч чоң жүк ташуучу учак менен алып келинди. Системаларды тапшыруу Орусия менен түзүлгөн келишимдин негизинде ишке ашууда.  

С - 400дөр үч бөлүк түрүндө тапшырылат. Аба жана ракеталык коргонуу системасынын экинчи группасы учак менен жүз жыйырмадан ашуун ракетадан турат, үчүнчү партия болсо деңиз жолу менен жай мезгилинин акырында алып келинет. 

 

 

 



Тектеш кабарлар