Фуат Октайдын Румынияда өткөн Төрттүк саммиттин алкагындагы жолугушуулары

Президенттин орун басары Фуат Октай, Румынияда ардактуу конок катары катышкан Төрттүк саммит тууралуу маалымат берди.

1173977
Фуат Октайдын Румынияда өткөн Төрттүк саммиттин алкагындагы жолугушуулары

Президенттин орун басары Фуат Октай, Румынияда ардактуу конок катары катышкан Төрттүк саммит тууралуу маалымат берди.

Фуат Октай, борбор калаа Бухарестте өткөн Румыния-Болгария-Сербия-Грециядан турган Төркттүк саммитке ардактуу конок катары катышты.

Президенттин орун басары Фуат Октай, саммиттин алкагында Румыниянын премьер-министри Виорика Данила,Сербиянын президенти Александр Вучич, Грециянын премьер-министри Алексис Ципрас жана Болгариянын премьер-министри Бойко Борисов менен жолугушуу өткөрдү.

Октай, Түркиянын аймактагы өлкөлөр менен тарыхый жана маданий байланыштары менен орток экономикалык кызыкчылыктарына токтолду.

Октай: «Кеңири аймактын ырааттуулугуна салым кошо ала турган потенциялга ээ болгон жана муну камсыздаган Түркия үчүн Балкан өлкөлөрү да абдан маанилүү. Боордошторубуздун жана ата мурастарыбыз орун алган бул аймак менен карым-катнаштарыбызды ар дайым күчтүү кылышыбыз керек. Балкан өлкөлөрүндө туруктуу тынчтык жана кызматташтык чөйрөсүнүн курулуусу Түркияны жакындан кызыктырат»,-деди.

Октай, жолугушууларда Түркиянын Европа Биримдигинен (ЕБ) күтүүлөрү Балкан өлкөлөрүндөгү аймактык кызматташтык темалары, энергетика жана көч темаларынын каралганын белгилеп кетти.

Ал, исламга каршы чыгуу жана чет элдик душмандыгынын келип жеткен жерине токтолгондорун билдирди.

Румыниянын премьер-министри Виорика Данила менен жолугушууларда Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүгү да күн тартипке келди.

Данила, Бухарестте ЕБ-Түркия саммитинин өткөрүлүшү үчүн Түркияны жактай тургандарын айтты.

Президенттин орун басары Фуат Октай менен Румыниянын премьер-министри Виорика Данила саламаттык сактоо туризми темасында да пикир алмашышты.

Түркиядагы оорукана шаарчалары концептинин Түрк фирмалары тарабынан Румынияда да ишке ашырыла ала турганы сүйлөшүлдү.

Президенттин орун басары Фуат Октай теңтөрагалыгын жүргүзгөн Түркия-Румыния өкмөттөр аралык экономикалык комиссиянын жыйналышынын быйыл өткөрүлүшү темасында да бирдей пикирге жетишилди.



Тектеш кабарлар