Президенттик Американын Нью-Йорк Таймс гезитин төгүнгө чыгарды

Нью-Йорк Таймс гезитинин «Түркиядан чет өлкөгө көчүү» темасы тууралуу маалыматы  Президенттиктин адам укуктары кеңсесинен төгүнгө чыгарылды.

1119998
Президенттик Американын Нью-Йорк Таймс гезитин төгүнгө чыгарды

Түркия Республикасынын Президенттиги, Американын Нью-Йорк Таймс гезитинин «Түркиядан мээ көчү» тууралуу бөлүшкөн маалыматтарынын чындыкка жатпаганын билдирди.

Нью-Йорк Таймс гезитинин «Түркиядан чет өлкөгө көчүү» темасы тууралуу маалыматы  Президенттиктин адам укуктары кеңсесинен төгүнгө чыгарылды.

Анда «2017-жылы Түркиядан көчүп кеткен түрк санынын чейрек миллиондон ашканы» жөнүндөгү айтымдарынын негизсиз экендиги белгиленип чыныгы сандар жарыяланды.

Жарыяда буларга орун берилди: «Коомдук пикирге ачык болгон Түркия Статистика мекемесинин көрсөткүчтөрүнө караганда 2017-жылы Түркиядан көчкөн жарандарыбыздын санынын тиги макалада жазылганы сыяктуу чейрек миллиондон ашуун эмес тескерисинче 113326 киши болгону көрүнүп турат. Бул сан макалада берилгендин жарымынан дагы аз. Муну менен бирге Түркияга чет өлкөдөн көчүп келген Түркия Республикасынын атуулдарынын саны 101772 киши болду жана чет өлкөгө көчкөндөрдүн так саны 11554 киши».

Макалада берилген чейрек миллион сөзүнүн чет өлкөдөн Түркияга көчкөн Түркия Республикасынын атуулдарынын саны эмес, чет өлкөгө көчкөн атуулдар менен катар көчүп кеткен чет элдиктердин жалпы саны экендиги маалымдалды.



Тектеш кабарлар