Сириядан эркиндикке чыгарылган япон журналист өлкөсүнө кайтты

Япониялык журналист Түркиянын аракети менен бошотулду.

1075641
Сириядан эркиндикке чыгарылган япон журналист өлкөсүнө кайтты
Jumpei Yasuda-Mustafa Varank.jpg

Сирияда Ал-Каида террордук уюму тарабынан уурдалып 3 жыл барымтада кармалган япониялык эркин журналист Жумпеи Йасуда, Түркиянын аракети менен эркиндике чыгарылды.

 2015-жылы уурдалган 44 жашындагы Жумпей Йасуданы эркин кое берүү үчүн Ал-Каида террордук уюму 10 миллион доллар акча сурады. Бирок Япония бул сунушту четке какты.

Япониялык журналист Түркиянын аракети менен бошотулду.

Жумпеи Йасуданын жарандыгы Анкарадан Антакияга барган Япониянын консулдук кызматкерлери тарабынан тастыкталды. Япон журналист Хатайдан Стамбулга барды, ал жерден Токио учагы менен өлкөсүнө кайтты.

Жумпеи Йасуда президент Эрдоган жана түрк калкына ырахматын айтты. Япониянын премьер министри Синдзо Абе дагы, президент Эрдоганга  телефон аркылуу байланышып, журналисттин куткарылгандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди.



Тектеш кабарлар