Бинали Йылдырым С - 400 ракеталары тууралуу маалымат берди

Бинали Йылдырым С  - 400 ракеталарынын эч качан НАТО өлкөсүнө коркунуч болбогондугун айтты.

1040407
Бинали Йылдырым  С  - 400 ракеталары тууралуу маалымат берди

Түркия Жогорку Улуттук Парламентинин спикери Бинали Йылдырым Түркиянын Орусиядан ала турган С  - 400 ракеталарынын эч качан НАТО өлкөсүнө коркунуч болбогондугун айтты.

Азербайжандын борбор шаары Бакуда жолугушууларды өткөргөн Йылдырым мамлекеттик телекөрсөтүү Ичтимаи твда бир программага катышты.

Орусиядан алына турган С  - 400 ракеталарына токтолгон Йылдырым ракеталардын эч бир НАТО өлкөсүнө коркунуч туудурбай тургандыгын баса белгиледи.

Абадан коргонуу системаларынын АКШ же НАТО мүчөсү Европа өлкөлөрүнөн алына албагандыктан бул жолго барылгандыгын айткан Йылдырым ракеталардын өзгөчө түштүк чек арасынан келген коркутууларга каршы колдонуларын айтты.

Түркиянын өз чечимин чыгарган, эгемендүү мамлекет экендигин баса белгилеген Бинали Йылдырым ошол эле ракеталардан Грециянын да алгандыгына басым жасап, бир гана Түркияга каршы чыгуунун болгондугун сынга алды.

 



Тектеш кабарлар