Индиялык ишкер кызматкерлерин Стамбулда эс алдырат

Индиялык доллар миллиардери  болгон ишкер 3 миң 500 кызматкерин сыйлык катары Стамбулда эс алуу үчүн алып келет.

1007301
Индиялык ишкер кызматкерлерин Стамбулда эс алдырат

Индиялык доллар миллиардери  болгон ишкер 3 миң 500 кызматкерин сыйлык катары Стамбулда эс алуу үчүн алып келет.

Индиялык ишкер кызматкерлерине  1 миллион доллар акча да таркатат. «Форбес» журналынын билдиргенине караганда индиялык ишкер кызматкерлеринин бир жумалык Стамбулдагы эс алуусу үчүн 10 миллион долларлык бюджет бөлдү.

Кызматкерлер үчүн Стамбулдун эң мыкты 10 мейманканасы да араларында орун алган көп сандаган мейманкана жабылды.

Индиялык топтун эс алуу үчүн Түркия саякат агенттиктери биримдиги да аракетке өттү.

Айрыкча эс алуу үчүн маданият жана туризм министрлиги менен Стамбул туризм коомунун төрагасы Халил Коркмаз да колдоо көрсөттү.

3 миң 500 индиялык бир жума эс алуу үчүн бул айдын ичинде Стамбулда болот.

Мүлкүнүн 12 миллиард долларга жакын экендиги белгиленген индиялык миллиардер кызматкерлерине Стамбулда жумшоо үчүн 1 миллион доллар таркатат.

Дүйнөнүн төрт тарабында иш алып барган фирманын 350 жогорку мартабалуу башкаруучусу 20 башка өлкөдөн Стамбулга учат.

Фирманын кызматкерлери Стамбулда Топкапы сарайы жана Аясофия музейи башта болгон тарыхый жерлерди кыдырышат.

Группа айрыкча теңдеши жок кооздугу менен туристтердин кызыгуусун тарткан Стамбул босфорун  атайын кемелер менен кыдырышат.

Индиялык коноктор уюштурулган атайын көңүл ачуу кечелеринде түрк тамактарынын да даамын татышат.

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар