Эч биринин акыбети чет өлкөдөн кармап келген 80ден ашуун ФЕТӨ мүчөсүнөн башкача болбойт

Президент Режеп Таййип Эрдоган, өзү жетектеген Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) Түркия Улуттук Улуу Жыйынындагы фракциялык жыйналышында сөз сүйлөдү.

953337
Эч биринин акыбети чет өлкөдөн кармап келген 80ден ашуун ФЕТӨ мүчөсүнөн башкача болбойт

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Сириянын Африн аймагында жок кылынган террорист санынын 4205ке жеткенин айтты.

Эрдоган, өзү жетектеген Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) Түркия Улуттук Улуу Жыйынындагы фракциялык жыйналышында сөз сүйлөдү.

Эрдоган, Түрк куралдуу күчтөрүнүн (ТКК) Сириянын Африн аймагында ПКК/КЖК/ПЙД/ЙПГ жана ДЕАШ террористтерин жок кылуу, дос жана боордош аймак калкын кысым жана зулумдуктан куткаруу үчүн баштаган «Зайтун бутагы» операциясына токтолду.

Сөзүндө террор менен күрөшүүнү үзгүлтүксүз жана чечкиндүүлүк менен уланткандарын баса белгилеген Эрдоган: «ПККга чек аранын ичинде жана тышында көз ачтырбайбыз. «Зайтун бутагы» кыймылы башталган 20-январдан бери өлкө ичинде 209, Ирактын түндүгүндө 341 ПКК мүчөсү болуп бардыгы 550 террористти жок кылдык. Афринде жүргүзүлгөн «Зайтун бутагы» кыймылында ушул убакка дейре жок кылынган террорист саны 4205ке жетти»,-деди.

Бир тараптан Фетуллахчы террор уюму (ФЕТӨ) менен да күрөш уланып жатканын белгилеген Эрдоган: «ФЕТӨнүн өлкө ичи жана тышындагы мүчөлөрүн бир-бирден кармап жатабыз, ФЕТӨ уюмунун камактагылары юстицияга сурак берип жатат. Өлкө ичи жана тышында качкандардын жүрөгү оозуна тыгылууда. Бушайман абалда жашап жатышат. Эч биринин акыбети чет өлкөдөн кармап келген 80ден ашуун ФЕТӨ мүчөсүнөн башкача болбойт»,-деп айтты.

Эрдоган, АКШда багылып жаткан ФЕТӨнүн корбашчысынын да башкача болбой турганын белгилеп: «Эртедир кечтир аны да алабыз. Бул өлкө жана бул улутка чыккынчылык кылган ар ким акырында тийиштүү жазаны алат»,-деди.



Тектеш кабарлар