Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Өзбекстанда

Түркия Афганстанды туруктуулук, коопсуздук жана бейкуттуктун түзүлүшү үчүн колдоону улантат.

938764
Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Өзбекстанда

Түркия Афганстанды туруктуулук, коопсуздук жана бейкуттуктун түзүлүшү үчүн колдоону улантат.

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Өзбекстандын борбор шаары Ташкентте : «Афганстанда тынчтык процесси, коопсуздук тармагында кызматташтык жана аймактык өнөктөштүк» деген темадагы конференцияга катышты.

Чавушоглу сөзүндө : «Афганстандын мамлекет башчысы Эшреф Ганинин шартсыз түрдө Талибан менен сүйлөшүүлөрдү баштоого чакыруусун ыраазычылык менен кабыл алабыз жана бул чакырууга көңүл буруларын ойлойбуз»,- деди.

Чавушоглу Афганстанда туруктуу тынчтыкка Афганстан өкмөтү тарабынан жүргүзүлгөн  макулдашуу процессинин саясында жетише аларына ишенгендигин белгиледи. Чавушоглу : «Афганстандагы бардык топтордун афган өкмөтүн таануулары керектигин, күч колдонууну айыптоолорун жана мыйзамдуу саясаттын бир бөлүгү болууларын каалайбыз»,- деди.

Мевлют Чавушоглу Афганстандагы маселелердин бир тобунун чек аранын ары жагынан чыккандыгына көңүлдөрдү буруп, макулдашуу процессине аймак өлкөлөрү менен эл аралык коомдун да катышуусунун маанисине көңүлдөрдү бурду.  Чавушоглу : «Афган бир туугандарыбыз жардамга муктаж болгон сайын биз да алардын жанында болобуз. Афганстанда туруктуулук, коопсуздук жана бейкуттуктун түзүлүшү үчүн колдоо берүүдөбүз. Эл аралык коопсуздукту колдоо күчүнүн башынан бери бир бөлүгү болуп келебиз. Афганстанга 2001 -  жылдан бери  берген жардамыбыз 1 миллиард долларды ашты»,- деди.

Тышкы иштер министри Чавушоглу кыска убакыт мурда Афганстан, Азербайжан, Грузия жана Түркмөнстан менен бирдикте бир транспорт келишимине кол коюшкандарын эске салып : «Түркиянын жол башчылыгында Афганстандын коопсуздугу жана туруктуулугу үчүн «Стамбул процесси» аттуу жаңы бир инциативди баштадык. Ушул себеп менен Өзбекстанга да Стамбул процессине катышкандыгы үчүн рахмат айткым келет. Стамбул процесси Өзбекстандын катышуусу менен дагы да баалуу болот»,- деди.



Тектеш кабарлар