Премьер - министр Бинали Йылдырым Нигдеде

Премьер  - министр Бинали Йылдырым Түркиянын түштүк жактарынан жасалган кол салуулардын жоопсуз калбай тургандыгын айтты.

887610
Премьер  - министр Бинали Йылдырым Нигдеде

Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын төрага орун басары жана премьер  - министр Бинали Йылдырым Түркиянын түштүк жактарынан жасалган кол салуулардын жоопсуз калбай тургандыгын айтты. Йылдырым Нигдеде партиясынын кезектеги 6 -  облустук конгрессинде сүйлөгөн сөзүндө : "Террор менен Түркияга зыян алып келүүнү каалагандар жоопсуз калбайт. Саясатыбыздын негизги багыты достуктарды түзүү бирок маселе мамлекет, байрак, улут  боло турган болсо калганы майда-  барат нерсе",- деди. 

Бинали Йылдырым Түркиянын улуттук макулдашуу менен союздаштык менен күчүн бириктирүү жана өсүүнү улантарын белгилеп : "Башкалардын сындар менен толгон кыймылдары эч качан бизди жолубуздан кайтара албайт",- деди. 

 



Тектеш кабарлар