Орусияга помидор экспорту башталды

Түрк помидорлору Орусияга жөнөтүлдү

844891
Орусияга помидор экспорту башталды

Түркия менен Орусиянын ортосунда помидор экспортунда чектөөлөр жоюлгандан кийин бул өлкөгө биринчи ташуу, Измирдин Бергама районунан ишке ашырылды.

Дүйнөнүн эң чоң теплицаларынан Бергамадагы Агробай теплицасында жыйналган помидорлор фураларга жүктөлүп Орусиянын Санкт-Петербург шаарына жөнөтүлдү.

Орусиянын алдыңкы чекене түйүнүнө жөнөтүлгөн помидорлор, бул өлкөнүн жалпысындагы 750 дүкөнгө жеткирилет.

Агробай парник башкаруу кеңешинин мүчөсү Арзу Шентүрк, Орусия менен быйыл 5 миң тонналык келишим түзгөндөрүн, баанын негизинде муну 7 миң тоннага жеткире ала тургандарын айтты.

Шентүрк Орусия менен катар Жакынкы Чыгыш жана АКШ сыяктуу рыноктордо да өсө тургандарын белгиледи.



Тектеш кабарлар