Премьер - министр Бинали Йылдырым Сингапурда

Премьер  - министр Бинали Йылдырым Түркия менен Сингапурдун ортосунда абдан чоң мүмкүнчүлүктөрдүн бар экендигин айтты.

793858
Премьер  - министр Бинали Йылдырым Сингапурда

Премьер  - министр Бинали Йылдырым Түркия менен Сингапурдун ортосунда абдан чоң мүмкүнчүлүктөрдүн бар экендигин айтты.

Бинали Йылдырым Сингапурда Түркия  - Сингапур иш форумунда жана Singapore Lecture конференциясында сөз сүйлөдү. Түркия менен Сингапурдун ортосунда чоң иш тармактарынын бар экендигин баса белгилеген Йылдырым эки өлкөнүн ишкерлеринин бул иш тармактарын мүмкүнчүлүккө айландыра алышарын айтты.      Йылдырым : «Сингапур күчтүү финансылык булакка ээ. Түрк курулуш инженерлери да дүйнөгө таанылууда. Тажрыйбалуу жумушчу күчү менен финансылык мүмкүнчүлүктөр менен биригип мыкты иштерди аткара алышат. Түркиянын дүйнөлүк масштабда өнүккөн бир аба жолу бар. Дүйнөнүн 236 жерине жана Сингапурга түздөн түз каттамдарыбыз бар. Стамбулда жаңы аэропорт ачылганда дагы да артат»,- деди.

Түркиянын Ыраакы Чыгышка Сингапур аркылуу бара аларын баса белгилеген Йылдырым : «Жакынкы Чыгышка да Түркия менен барууга болот. Сингапур менен бири бирибизге окшогон өзгөчөлүктөрүбүз бар. Ишкерлерибиз үчүн ишеним керек»,- деп баа берди.

Бул жылы Түркиянын 7 пайызга жакын бир өсүүнүн болорун күтүшкөндөрүн айткан Йылдырым эки өлкөнүн ортосундагы карым – катнаштарды дагы да өнүктүрүү үчүн аракет кылган бардык ишкерлерге рахмат айтты.

ДЕАШ террордук уюм менен күрөшүүгө байланыштуу баа берген Йылдырым : «Ушул күнгө чейин Сирияда 3 миң 800, Иракта 800 болуу менен жалпы 4 миң 600 ДЕАШ террористти таасирсиз абалга алып келинди. Бүгүн эч бир өлкө ДЕАШ менен күрөштө Түркия көрсөткөн чечкиндүүлүктү тилекке каршы көрсөтө албай жатат»,- деди.

 

 



Тектеш кабарлар