Түркиядан Жараблуска кайтуу
Сириянын Халеп шаарынын Жараблус районуна кайткандардын саны 44 миң 643кө жетти.
768479
![Түркиядан Жараблуска кайтуу](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/1664/92a9/2745/59647bae650a0.jpg?time=1719286957)
Түрк куралдуу күчтөрүнүн жол башчылыгында өткөн жылы ишке акышырылган Евфрат калканы кыймылынын негизинде ДЕАШ террордук уюмдан тазаланган Сириянын Халеп шаарынын Жараблус районуна кайткандардын саны 44 миң 643кө жетти.
Түркияга баш калкалаган сириялыктар өлкөлөрүнө баруу үчүн Газиантеп акимчилигине кайрылышууда. Алынган уруксттардан кийин араларында балдар менен аялдар, кары – катраңдар да болгон силиялыктар Каркамыш Бажы капкасыдагы иштери бүткөндөн кийин өлкөлөрүнө кайтышууда. Бул кишилер Каркамыш спорт залындагы каттоо иштеринен кийин коопсуздук текшерүүсүнөн өткөрүлүп Жараблуска жиберилүүдө.
Газинатеп миграцияны башкаруу директору Октай Бахчежи 2016 - жылы 7 - сентябрдан баштап Сирияга өтүүлөрдүн башталгандыгын эске салды.