Герзе Түркиядагы тынч шаарлардын бири

Герзе тынч чөйрдө эс алгысы келген жергиликтүү жана чет элдик туристтердин көздөгөнү болду

741627
Герзе Түркиядагы тынч шаарлардын бири

Бир канча ай мурда «Тынч шаар» наамына ээ болгон Синоптун Герзе районундагы курорттук жайлар, жайкы сезондун алдында 100 пайызга толуп калды.

Табигый жана маданий баалууктарын коргоп салттык өзгөчөлүктөрүн улантышынан улам 4 ай мурда Түркиянын 14 тынч шаарынын бири деп жарыяланган Герзе району, жайкы мезгилдин алдында жергиликтүү жана чет элдик туристтердин көздөгөнү болду.

Герзе муниципалитетинин башчысы Осман Беловажыклы Анадолу агенттигине берген маалыматында, 3 жыл мурда Эл аралык Cittaslow Биримдигине мүчөлүк үчүн кайрылгандарын жана анын түшүмүн «тынч шаар» наамы менен алгандарын айты.  

«Тынч шаар» наамынын көптөгөн мүмкүнчүлүктөрү бар экенин бирок бул мүмкүнчүлүктөрдү жакшы пайдалануунун да маанилүү экенин баса белгилеген Беловажыклы, адамдардын эми эс алууларын тынч чөйрөдө өткөргүсү келгендерин билдирди.



Тектеш кабарлар