Түркиядан Греманияга каршылык

Фетуллахчы террордук уюм менен байланышы болгон мурунку кээ бир аскердик кызматкерлер Германияга баш калкалоо үчүн кайрылды.

730068
Түркиядан Греманияга каршылык

Түркия 15 -  июлда болгон козголоң кыймылын аткарган Фетуллахчы террордук уюм менен байланышы болгон  мурунку  кээ бир аскердик кызматкерлердин баш калкалоо кайрылууларынын Германия тарабынан кабыл алынышына каршы чыкты.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : «Козголоңчулардын ФЕТӨ байланышын көрсөткөн бардык далилдердин болгондугуна карабастан Германиянын бул чечими өлкөлөрүбүздүн ортосундагы көп тараптуу карым – катнаштарды тебелеген кадам болду»,- деп айтылды.

Немис мекемелеринин бул чечим менен демократиялык принцип жана баалуулуктар менен союздаштыкты бир тараптка таштап козголоңчуларга кучак ачкандыгы билдирилген маалыматта буларга орун берилди : «Германиянын карым – катнаштарыбыздын, коопсуздук жана коргонуу тармактарындагы кызматташтыгыбыздын негиздерине тескери болгон бул чечимин карап чыгышын жана өлкөбүздүн ФЕТӨ да болуу менен дүйнөнүн эң коркунучтуу террордук уюму менен бирдей убакта жүргүзүлгөн күрөшүнө керек болгон колдоону беришин күтүүдөбүз».

 

 



Тектеш кабарлар