Президент Эрдоганды куттуктоолор келип жатат

Бул учурда элдик добуштун жыйынтыгынан улам президент Эрдоганга куттуктоо телефондору тынымсыз келип жатат.

715888
Президент Эрдоганды куттуктоолор келип жатат

Орусиянын президенти Владимир Путин, президент Режеп Таййип Эрдоганды 16-апрелдеги элдик добуштун жыйынтыгы менен куттуктады.

Президенттиктин маалымат булактарынан алынган маалыматка караганда Путин, Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө конституциялык өзгөртүү тууралуу элдик добуш берүүдөн “макул» чечими чыкканы боюнча куттуктады.

Эки лидер сүйлөшүүсүндө карым-катнаштарды нормалдаштырууга карай аракеттерин ылдамдатуу менен катар Сирияда ок атышпоонун бекемделиши үчүн да  чогуу иштөөнүн маанисин баса белгилешти.

Бул учурда элдик добуштун жыйынтыгынан улам президент Эрдоганга куттуктоо телефондору тынымсыз келип жатат.

Президент Эрдоганга элдик добуш берүүнүн жыйынтыгынан кийин Словениянын президенти Борут Пахор, Македониянын президенти Гиорге Иванов, Албаниянын премьер-министри Эди Рама жана Ливандын премьер-министри Саад Харири куттукташты.

Ирактын Күрт аймактык башкаруусунун башчысы Месут Барзани да президент Эрдоган жана премьер-министр Бинали Йылдырымды элдик добуш берүүнүн жыйынтыгынан улам куттуктады.



Тектеш кабарлар