Кургак жүк ташуучу кеме Кара деңизде чөктү

Орусиядан  Түркияга үрөөн алып келген жүк кемеси 12 экипажы менен бирдикте Кара деңизде чөктү.

716488
Кургак жүк ташуучу кеме Кара деңизде чөктү

Орусиядан  Түркияга үрөөн алып келген жүк кемеси 12 экипажы менен бирдикте Кара деңизде чөктү. Панама желектүү «Geroi Arsenala»  аттуу кургак жүк ташуучу кеме Крым жээгинен 14 деңиз мил алыста чукул абал сигналын жибере баштады. Кеменин кечээ кечинде катуу борошонун айынан экиге бөлүнүп чөккөндүгү белгиленди.

Кемедеги экипаждын тогузунун Украина, экөөсүнүн Орусия, бирөөсүнүн Грузия жараны экендиги билдирилди. Орусия чукул абалдар министрлигинин жетекчилери экипаж мүчөлөрүнүн бирөөсүнүн куткарылгандыгын, төртөөсүнүн жеринин белгилене албагандыгын айтты. Кемедеги жети киши дайынсыз жок.

Жоголгон экипаждын табылышы үчүн алты кеме жана бир тик учар катышкан  куткаруу операциясы жүргүзүлдү. Бирок катуу шамал куткаруу иштерине тоскоол болууда. Кеме таандык болгон түрк фирмасынан бир жетекчи окуянын себебин изилдешкендерин айтты.

 



Тектеш кабарлар