Эрдоган кесиптешин куттуктады

Кесиптеши менен телефон аркылуу сүйлөштү

692522
Эрдоган кесиптешин куттуктады

Президент Режеп Тайип Эрдоган Венгриянын президенти Янош Адерди экинчи жолу ушул кызматка шайланышынан улам куттуктады.

Президент Эрдоган Венгриянын президенти Янош Адер менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктен маалымдалгандай Эрдоган Адерди экинчи жолу президент болуп шайланышынан улам куттуктап, ага ийгилик каалады.

Эрдоган менен венгер кесиптеши Адер сүйлөшүүдө эки тараптуу алакаларды дагы да күчтөндүрүү темасындагы чечкиндүүлүктөрүн да баса белгилешти.

Венгриянын Улуттук парламентинде президенттик шайлоо үчүн ишемби күнү өткөрүлгөн добуш берүүдө Адер жеңди.

Парламентте өткөрүлгөн шайлоого Түркиянын Будапештеги элчиси Шакир Факыллы да байкоо салган болчу.



Тектеш кабарлар