Стамбулда тик учар кырсыкка учурады

Кырсыкта беш киши каза тапты

688788
Стамбулда тик учар кырсыкка учурады

Стамбулдун Бүйүкчекмеже  районунда кырсыкка учураган тик учарда каза болгон беш кишиден төртүүсүнүн Орусия жараны экендиги билдирилди. Тик учар таандык болгон фирмадан берилген маалыматта учактагылардын экөөсү нүн учкуч, үчөөсүнүн да түрк жараны экендиги билдирилди. 

Тик учардагы башка эки кишинин абалына байланыштуу изилдөө улантылууда.

Сикорский S-76 моделиндеги тик учар Ататүрк аэропортунан Эскишехирге баруу үчүн Түркия убактысы менен 11:20да учкандан кыска убакыттан кийин кырсыкка учурады. Транспорт, деңизчилик жана кабарлашуу министрлиги тик учардын бир телекөрсөтүү мунарасына урунгандыгын билдирди. Министрлик Кырсыктарды изилдөө жана иликтөө кеңешинин адистерин да аймакка жиберди. 

Кырсык болгон жерге көп сандаган куткаруу жана өрт өчүргүчтөр жиберилди.



Тектеш кабарлар