Бодрумга кошумча учак каттамдары

Европадагы 7 борбор шаардан Бодрумга түз каттамдар башталат

683275
Бодрумга кошумча учак каттамдары
turizm bodrum.jpg
bodrum.jpg
bodrum, turizm.jpg

Түрк аба жолдору Лондон жана Париж менен катар Европадагы 7 борбор шаардан Бодрумга май айында түз каттамдарын баштайт.

Бодрум мейманканачылар коому BODER, Түрк аба жолдорунун башкы директоруна кат жазып, Европадагы 7 борбор шаардан Милас-Бодрум аэропортуна түз учуулардын киргизилишин өтүндү.

Мугланын Бодрум району, Түркиянын эң негизги туризм борборлорунун бири.

Өзүнө таандык архитектуралык түзүлүшү, деңизи жана пляждары менен ыңгайлуу туристтик жер.

BODERдин баш катчысы Орхан Кавала чартер же пландаштырылган каттамдар менен Бодрумга келгиси келген көп сандаган чет элдик туристтердин бар экенин, бирок учак билетин таба албагандыктан келе албагандарын айтты.

Түрк аба жолдорунан кошумча каттамдардын киргизилишин өтүнгөндөрүн белгилеген Кавала, талаптарынын оң кабыл алынганын айтты.

Түрк аба жолдору май айында Дублин, Эдинбург, Манчестер, Лондон, Париж, Амстердам жана Брюсселден Бодрумга эки тараптуу учууларын баштайт.

Түз каттамдардын башталышы менен өзгөчө Бодрумга дем алыш күндөрү үчүн көп талап болоорун айткан туризмчилер бул чечимге абдан кубанышты.



Тектеш кабарлар