"Евфрат калканына" колдоо

Түркиянын Евфрат калканы операциясына колдоо берилди

652440
"Евфрат калканына" колдоо

Сауд Аравиянын борбор шаары Риядда өткөрүлгөн «ДЕАШ менен күрөшүү союздаштыгы» жыйынынан Түркиянын Евфрат калканы операциясына колдоо берилди.

Жыйынга башкы штабдын төрагасы Хулуси Акар менен бирге 13 өлкөнүн башкы штабдарынын төрагалары катышты. Катышуучулар жарыялаган билдирүүдө Түркия тарабынан Сирияда террордук уюм ДЕАШка каршы 24 -  августтан бери жүргүзүлүп келе жаткан Евфрат калканы кыймылына колдоо берилгендигин белгилеп : «Жыйында террордук уюм ДЕАШтын жок кылуу аракеттерин улантуу жана ар бир өлкөнүн ДЕАШка каршы эл аралык күрөшкө катышууда макулдашышты»,- деп айтылды.

Террорго каршы жүргүзүлгөн эл аралык күрөшкө катышуу жана колдоо чакыруу жасалган билдирүүдө ДЕАШ менен күрөшүүнүн көлөмү менен азыркы учурда муктаж болгон кадамдардын башкы штабдын төрагалары жана делегациялардын арасында сүйлөшүлгөндүгү жана маалымат алышууларда болушкандары билдирилди.

Жыйынга катышкан бардык өлкөлөрдүн ДЕАШтын аймак жана эл аралык коом үчүн коркунуч туудургандыгы баса белгиленген билдирүүдө дин, улут, салт, саясий көз карашка карабастан күнөөсүз жарандарга каршы ДЕАШ ишке ашырган кыргындардын жана адам укуктарынын бузулгандыгы айыпталгандыгы, иштелген кылмыштардын адамзатка каршы иштелген кылмыштар экендиги жана катышуучу өлкөлөрдүн булар менен ар тармакта күрөшүшү, иштелген кылмыштардын жаңы аймактарга өтүшүнө тоскоол болуу керектиги билдирилди.



Тектеш кабарлар