Астанага АКШ да чакырылат

Астанадагы жыйын Түркия менен Орусиянын жетекчилигинде өтөт.

650671
Астанага АКШ да чакырылат

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу 23-январда Казакстандын борбор шаары Астанада өтө турган Сирия сүйлөшүүлөрүнө АКШнын да чакырыла турганын билдирди.

Чавушоглу тарыхый Кипр жыйынына катышуу үчүн барган Швейцариянын Женева шаарында журналисттерге берген маалыматында Астанада өтө турган Сирия сүйлөшүүлөрүнө байланыштуу: «Сөзсүз АКШ да чакырылышы керек. Орусия менен бул боюнча бирдей пикирдебиз»,-деди.

Эч кимдин АКШнын ролун көз жаздымда калтыра албай турганын сөз кылган Чавушоглу: «Бул Түркиянын принциптүү мамилели. Салым кошкон же кошо алган ар ким ал жерде болушу керек. Бирок жалгыз гана үй-бүлө фотосүрөтүндө орун алуу үчүн эмес. Эмне дегим келгенин түшүнүп жатсаңыздар керек»,- деп айтты.

Мевлүт Чавушоглу Астанадагы сүйлөшүүлөргө карата чакыруу баракчаларынын кийинки жумадан баштап жөнөтүлө турганын билдирди.

Сирия маселесинин чечилүүсү үчүн Астанада боло турган жыйын, Түркия менен Орусиянын жетекчилигинде өткөрүлөт.

Түркия менен Орусия өткөн айда АКШ кошулбаган демилге менен Сирияда ок атышууларды токтотууну камсыздаган болчу.



Тектеш кабарлар